Максат Бегалиев
Төраганын орун басары жана Финансы директору
Максат Сапарович FINCA үй-бүлөсүнө 2008-жылы “МКК ФИНКА” ЖАКта казыначы кызматынан келип кошулуп, 2015-жылы “ФИНКА Банк” ЖАКтын Казыналык бөлүмүнүн начальниги болгон.
2018-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “ФИНКА Банк” ЖАКтын Башкармасынын төрагасынын орун басары, Финансы директору кызматына Максат Бегалиевдин талапкерлигин жактырды!
Максат Сапарович Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Анын туулган күнү 1978-жылдын 28-октябры.
Кыргыз-Орус Славян университетинде «Дүйнөлүк экономика» адистиги боюнча жогорку билим алган.
Максат Сапарович 2000-жылы университетти аяктагандан кийин эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Банктык көзөмөл башкармалыгынын банктарды инспектирлөө бөлүмүндө адис болуп иштөөдөн баштаган.
2004-2008-жылдары Кыргыз инвестициялык-кредит банкында (KICB) филиалдын бухгалтери, филиалдын директорунун орун басары, ички аудит башкармалыгынын начальниги болуп иштеген жана филиалдык тармакты өнүктүрүүгө катышкан.
Белгилей кетсек, Максат Бегалиевдин талапкерлиги анын банк тармагындагы бай тажрыйбасына, ошондой эле FINCA баалуулуктарына узак мөөнөттүү берилгендигине негизделип, жетекчилик тарабынан сунушталып, колдоого алынган.



