Нургүл Төрөбаева

Директорлор кеңешинин мүчөсү

Нургүл Төрөбаеванын банк жана финансы кызматтары тармагындагы иш тажрыйбасы 25 жылга жакын.

Анын кесиптик карьерасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, Кредиттик союздардын каржы компаниясында, Германиянын техникалык колдоо программасындагы иштерин камтыйт, 13 жылдан ашык “Бай Түшүм” банкында жетекчилик кызматта иштеген жана бир нече уюмдарга консультациялык кызматтарды көрсөткөн, алардын бири Папуа-Жаңы Гвинеяда жайгашкан. Анын компетенция тармактары- каржылык башкаруу, тобокелдиктерди тескөө, бухгалтердик эсеп, активдерди жана пассивдерди башкаруу, долбоорлорду башкаруу жана башкалар.

2012-жылдан бери ал Тажикстандагы «Арванд Банк» ААКтын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, 2021-жылдан бери Кыргызстан «ФИНКА Банк» ЖАКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген.
Нургүл Төрөбаева активдерди жана пассивдерди башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу, корпоративдик башкаруу ж.б. тармагында көптөгөн окуу сертификаттарына ээ. 2010-жылы Америка Банк Ассоциациясынын Банк иши боюнча Жогорку мектебинде квалификациясын жогорулатуу курстарын аяктаган. 2019-жылы Германиянын Франкфурт мектебинде сынактан өтүп, тобокелдиктерди башкаруу боюнча сертификатталган эксперт болгон.