03-04-2017

KyrSEFF тренингдеринин анонсу

«ҮНӨМ» насыя продуктусун алдыга жылдыруунун алкагында FINCA Банктын айрым филиалдарында KyrSEFF өкүлдөрү менен биргеликте тренингдер өткөрүлөт. Өткөрүлүүчү семинарлардын негизги максаты –энергияны үнөмдөөгө карата көрүлүүчү иш чаралар боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу.

KyrSEFF адистери биздин банктын кардарларына энергияны үнөмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө маалымат беришип, төмөнкүдөй темаларды талкуулашат:

– энергияны үнөмдөөчү технологиялар;

– колдонууга мүмкүн болуучу материалдар/жабдуулар;

– «ҮНӨМ» насыясы боюнча грант алуу үчүн KyrSEFFтин шарттары;

– финансылык документтерди туура жол-жоболоштуруу;

Бардыгы болуп тренингдер банктын 8 филиалында өткөрүлөт. Төмөндө семинарларды өткөрүүнүн графиги көрсөтүлгөн:

 

Маалымат иретинде: FINCA Банктын KyrSEFF программасы менен кызматташтыгы 2014-жылы башталган. Энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында KyrSEFF менен биргеликте «ҮНӨМ-ТУРАК ЖАЙ» жана «ҮНӨМ-БИЗНЕС» насыя продуктулары иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Ушул убакыттын аралыгында 40 миллион сомдон ашык суммага 300дөн ашык долбоор ишке ашты.

«ҮНӨМ-ТУРАК ЖАЙ» продуктусу менчик батирлердин жана үйлөрдүн абалын жакшыртууга багытталган. Энергияны үнөмдөөчү материалдарды жана техникалык каражаттарды колдонуунун эсебинен энергияны колдонууга кеткен чыгымдарды олуттуу азайтуу мүмкүнчүлүгү пайда болот, ушуну менен катар Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын KyrSEFF программасынан насыянын суммасынан 35% чейин кайтарымсыз (бекер) грант алууга болот.

«ҮНӨМ-БИЗНЕС» продуктусу өндүрүш жайларынын абалын жакшыртууга, техниканы жана жабдууларды жаңыртууга мүмкүндүк берет. Бул иш чараларга энергияны үнөмдөөчү материалдарды жана техникалык каражаттарды колдонуунун эсебинен энергияны колдонууга кеткен чыгымдарды олуттуу азайтууга жана бизнестин кирешелүүлүгүн жогорулатууга болот. Ушуну менен бирге Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын KyrSEFF программасынан насыянын суммасынан 20% чейин кайтарымсыз (бекер) грант алууга болот.

www.kyrseff.kg