17-10-2017

Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү

FINCA Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Германиянын аманат кассалар фонду менен биргеликте үч жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүн майрамдоо боюнча иш-чараларды өткөрүп келет.

Каражаттарды кантип сактоо керек? Аларды кантип көбөйтүүгө болот? Аларды кайда сактоо керек? Мына ушуга окшогон дагы көптөгөн суроолор дайыма жөнөкөй адамдарды тынчсыздандырып келет жана дал ушундай майрамдын жардамы менен аларга жооп табууга болот. Дал ушул күнү дүйнө жүзүндөгү банктар Ачык эшиктер күнүн, финансылык сабаттуулук боюнча лекцияларды, оюндарды, флешмобдорду жана банктын кеңселерине экскурсияларды өткөрүшөт, себеби, алардын жардамы менен банк кандай иштээрин ачык көрсөтүүгө болот жана бул майрамга катышып жаткан балдарга кичинесинен тартып акчаларга аяр мамиле кылууну үйрөтүүгө болот.

Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүн өткөрүүнүн максаты – акча топтоого үйрөтүү жана аны кеңири жайылтуу. Адамдар банктарга ишенип, алардын аманаттары толук сакталаарына ишенүүдөн сырткары, акча топтоо менен келечекти пландоого жана өз максатына жетүүгө мүмкүн экенин түшүнүүлөрү керек.

ФИНКА Банктын кызматкерлери бул күнү банктын бардык 24 филиалында жана Башкы кеңсесинде өз кардарларын тосуп алууга даярдык көрүшүүдө. Бул күндө майрамдык иш-чаралар, сынактар өткөрүлүп, эсте калаарлык белектер тапшырылат жана кичинекей балдар үчүн да майрам уюштурулат. Бардыгыңыздарды майрамга күтөбүз!