13-02-2025
“Кыргыз Почтасы” менен кызматташуунун токтотулушу.
Урматтуу кардарлар!
2025-жылдын 17-февралынан тартып FINCA Банк “Кыргыз Почтасы” менен кызматташуусун токтотот.
Бул насыяны “Кыргыз Почтасы” бөлүмдөрү аркылуу төлөө мүмкүн болбой калды дегенди билдирет.
Эгерде сиз буга чейин насыяны “Кыргыз Почтасы” аркылуу төлөп келген болсоңуз, мөөнөтүнөн кечиктирбөө үчүн башка ыңгайлуу төлөм ыкмасын тандаңыз.
Насыяны кантип төлөөгө болот?
Төмөнкү ыңгайлуу ыкмалардын бирин колдонуңуз:
✅ FINCA Банк мобилдик тиркемеси – тез жана оңой, кезексиз.
✅ FINCA Банк терминалдары жана кассалары – картадан жакынкы бөлүмдү тандаңыз.
✅ Өнөктөш төлөм кызматтары – сиз үчүн ыңгайлуусун колдонуңуз.
Суроолоруңуз барбы? Биз дайыма байланыштабыз!
Жакынкы бөлүмгө кайрылыңыз же байланыш-борборго чалыңыз:
📞 4400 (акысыз чалуу)
📞 +996 505 440 044 (WhatsApp)
📞 +996 312 440 440
Биз сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн иштейбиз! Бизге ишенгениңиз үчүн рахмат!



