08-07-2024

Көңүл бургула, шылуундар

ТЕЛЕФОНДУК ШЫЛУУНДАРДАН САК БОЛУҢУЗДАР!

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет: Телефон чалуу менен алдамчылык фактылары көбөйдү!

Телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар сиздин эсебиңизден акчаңызды уурдап же андан ары сизге онлайн кредит тариздетип алууну көздөп жатышат.

 

Бул кантип ишке ашырылат?

Биринчи кезекте өзүн коммерциялык банктын кызматкеримин деп тааныштырган адам жаранга телефон чалып, жеке маалыматтын ачыкка чыгышы же анын атынан онлайн кредит алуу үчүн кайрылган үчүнчү жактар жөнүндө кабарлайт. Андан кийин Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери болуп таанышкан адам кошулат да, акчаны сактап калуу зарылдыгын шылтоолоп, жабырлануучуну акчасын коопсуз, корголгон эсепке которууга чакырат. Ошол эле учурда алдамчылардын телефон номерлери жасалма болушу мүмкүн. Ынандыруу үчүн, алар логотип белгиси менен Улуттук банктын жетекчилигинин колу коюлган жасалма күбөлүк же башка документти жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, шылуундардын курмандыгы болгон жаран алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча онлайн – кредитти тариздөө же акча которуу операцияларын өз колу менен аткарат.

 

Өзүңдү кантип коргой аласың?

Эгерде сизге өзүн банктын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырган адам телефон чалып, жеке маалыматтарыңыздын сыртка чыгып кетиши же сизге онлайн кредит уруксатсыз таризделгендиги тууралуу билдирсе, сүйлөшүүнү токтотуңуз. Эгерде сиз андан ары сүйлөшүүнү туура көрсөңүз, сүйлөшүү учурунда экранды көрсөтпөңүз, жеке (жашыруун) маалыматыңызды (ИСН, коддор, ПИН коддор ж.б.) бербеңиз, өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты ырастабаныз. Ошондой эле мессенджерлердеги белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербей, бейтааныш адамдардын сунушталган, текшерилбеген интернет-шилтемелерге кирбегениңиз жакшы.