12-07-2017
Маргарита Черикбаева: Биздин милдет – кардарлардын ишенимдүү жана кесипкɵй ɵнɵктɵшү болуу
«Жетиген» журналынын жакынкы санында FINCA банктын Башкармалыктын Тɵрайымы Маргарита Черикбаева менен маек жарык кɵрдү.
Элге жаккан FINCA банкы
Кыргызстандагы FINCA банкы алгач ишкер аялдарды каржылоо жаатында иш алып барышса, кɵп жылдан бери бардык кардарлар үчүн бирдей кызмат кɵрсɵтүп келе жатат. Аталган банктын калктын жашоо-турмушун кɵтɵрүү боюнча жасаган аракеттери, ийгиликтери, кыйынчылыктары тууралуу башкармалыктынтɵрайымы Маргарита Черикбаева менен маек курдук.
Маргарита Черикбаева:
Биздин милдет – кардарлардын ишенимдүү жана кесипкɵй ɵнɵктɵшү болуу
– Сиз жетектеген FINCA банкы Кыргызстан эгемендүүлүккɵ ээ болгондон кийинки алгачкы финансылык компаниялардын бири болгондугу белгилүү. Ɵткɵн мезгил аралыгында аткарылган иштерге токтоло кетсеңиз?
– FINCA Кыргызстанда1995-жылдан тарта иштеп келе жатат. Ал ɵзүнүн ишмердүүлүгүн бул жерде кирешеси аз кардарларга, ɵзгɵчɵ аялдарга насыя берүү программасы катары баштаган. 2003-жылы FINCA микрокредиттик компаниясы ЖАК катары катталган. Ал эми 2015-жылдын март айында FINCA МКК ЖАКсы банк лицензиясын алды.
Республикада 22 жыл бою финансы институту катары жашаган FINCA бул мезгил ичинде адамдардын ишенимине кирди. Качандыр бир кезде бир кеңседе иш баштасак, эми биз ɵлкɵдɵгү ири филиал түйүндɵрүн түздүк, бүгүнкү күндɵ кулачыбыз жайылып, калкка кызмат кɵрсɵтүүчү толук аталыштагы банкка чейин ɵстүк. «Тазабек» бизнес-басылмасынын жүргүзгɵн изилдɵɵсүнүн жыйынтыгында FINCA банк 2016-жылдагы финансылык кɵрсɵткүчтɵр боюнча Кыргызстандагы 25 банктын ичинен үчүнчү орунду ээлеп сыйлыкка татыды. Ошол эле учурда биз үчүн дайыма социалдык кɵмɵктɵшүү маанилүү болду, биз жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүнү активдүү колдоп келгенбиз жана азыр дагы аны улантып жатабыз. Кардарларга, интернаттарга, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, жалпы билим берүү, медициналык мекемелерге жардам берүү менен банктын аймагына жакын турган жерлерди жакшыртып, маданий жана улуттук салттарды сактоого багытталган долбоорлорду каржылап келебиз. Ошондой эле биз «Роза Отунбаеванын демилгелери» ЭКУнун «Жайлоодогу бала бакчалар» билим берүү долбоорунун ɵнɵктɵшү экендигибизди эске сала кетүүгɵ болот. Биздин корпоративдик социалдык жоопкерчилигибиздин маанилүү демилгелеринин бири «Финансылык сабаттуулук» долбоору.
– Анда ал долбоор тууралуу толугураак айтып берсеңиз?
– Финансы институту болгондугубузга байланыштуу биз коомчулуктун финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун жана бул багытта мамлекеттин аракеттерине кɵмɵктɵшүү маанилүү жана зарыл экендигин түшүнɵбүз. 2012-жылы FINCA ɵзүнүн карыз алуучу-кардарларына финансылык маселелерди түшүнүүгɵ жардам берүү, балдар жана чоңдор үчүн эки тилде акысыз тренингдерди ɵткɵрүү, КРСУ менен биргеликте студенттер үчүн окуу куралын чыгаруу менен калктын финансылык сабаттуулугу долбоорун ишке киргизген.
Мындай билим берүү иш-чараларынын программаларын жана таркатуучу материалдарын банктын кызматкерлери ɵз алдынча иштеп чыгышты, тренерлерди даярдашты. Биз финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерди ɵлкɵнүн бардык аймактарында филиалдардын базасында ɵткɵрɵбүз.
Алар акчаны кандай пайдалануу керектигин үйрɵнүүнү, үй-бүлɵлүк чарбаны эсепке алууну, аманат акчалардын зарыл экендигин түшүнүүнү, банк жана микрофинансылык уюмдардагы финансылык инструменттерди туура тандоону ɵнүктүрүүгɵ багытталган. Биз ошондой эле активдүү жана потенциалдуу карыз алуучуларга насыя алуунун жоопкерчилигин толук түшүнүүгɵ жардам берүүгɵ умтулуп келебиз. Биздин түшүндүрүү иштерибизде насыя үстүнɵ насыя алуунун коркунучун түшүндүрүүгɵ ɵзгɵчɵ басым жасайбыз. Ошондой эле биздин тренерлер республиканын жашоочуларына финансылык пирамидаларга катышпоону эскертишет жана алдамчылыктын мындай ыкмасы Кыргызстанда дээрлик кеңири жайылып кеткендиктен алардын аракеттенүү механизмдерин түшүндүрɵт. Биздин финансылык аспаптар тууралуу материалдарыбыз массалык маалымат каражаттарында дагы жеткиликтүү.
– FINCA финансылык компаниясы ɵзүнчɵ банк болушунун максаты эмнеде?
– Компания иштеген дээрлик 20 жылдан ичинде биз калктын финансылык кызматтарга болгон суроо-талабы насыялар менен эле чектелбестигин, ошол сегменттеги биздин кардарлар болуп саналган экономикалык жактан активдүү кыргызстандыктарга башка финансылык кызматтарды жана алардын аманаттарына фасилитацияларды берүүнүн зарылчылыгы, мүмкүнчүлүк жана потенциал бар экендигин кɵрдүк. Дал ошол финансылык кызматтардын жана продуктулардын толук спектрин ɵзүбүздүн максаттуу аудиториябызга берүүгɵ умтулуубуз FINCA МККсынын FINCA банкка кайра түзүлүүсүнɵ себепчи болду.
Биздин компания бир эле учурда 120 миң кардарды тейлɵɵ менен микрофинансы секторунун бирден-бир ири жана маанилүү оюнчуларынын бири болуп калды. Банктын кайра түзүлүшү дагы финансы институтун ɵнүктүрүүдɵ логикалык кадам болуп калды.
– Сиздердин банктын иштɵɵ системасы башка банктардан эмнеси менен айырмаланат?
– Ар бир банктын ɵзүнүн стратегиялык ɵнүгүү планы, максаттары,милдеттери бар. Ар бир финансы институту ɵзүнчɵ, окшоштору жок. Биз калктын бирдей сегменттерин тейлей алабыз, бирок ар биринин ɵзүнүн продуктулар жана кызматтар тилкеси, ɵзүнүн принциптери, стили бар. Иштɵɵ системасы тууралуу айтсам, биз үчүн башкысы – биздин кардар. Биз анын каалоолорун изилдейбиз жана анын күткɵндɵрүн жакшылап чечип берүүнүн жолдорун издейбиз.
– Азыркы рынок шартында атаандаштык күч алган мезгилде жаңыдан ачылган банктар дагы арбын. Сиздерде атаандаштык коркунучу жокпу?
– Биздин банк атаандаштыкка бардыгын, анын ичинде бизди ɵзүнүн кардарлары үчүн мыкты болууга жана ɵнүгүүгɵ түрткү берүүчү фактор катары карайт. Бизди татыктуу атаандаштар курчап турат, бул бизге дайыма кардарлардын кɵңүл буруусун жана тандоосун сактап калуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу ойлонууга жардам берет.
– Кардарларыңыздар алган кредиттердин кайтарымы кандай?
– Ал 97%дан кɵп ɵлчɵмдү түзɵт.
– Берилген кредиттерди максаттуу пайдаланууга банк тарабынан дагы кɵзɵмɵл жүргүзүлɵбү?
– Биз насыяны конкреттүү максаттарга колдонуу үчүн беребиз жана аны аларга жетишүү үчүн пайдалануу керек. Берилген каражаттардын кайтарымдуулугун камсыздоо үчүн FINCA банк аларды максаттуу пайдаланууга, ошондой эле насыя берүү тууралуу келишимдердин башка шарттарын аткарууга дыкат байкоо жүргүзɵт.
– Республикабыздын аймагындагы калкты тейлɵɵ кандай жолго коюлган?
– Биз Кыргызстандын бардык аймактарында, анын ичинде алыскы аймактарында иштеп жатабыз. Биздин банк башкы кеңседен тышкары 24 филиал, 34 сактык касса, ошондой эле кɵчмɵ кассаларга ээ. Республика боюнча айылдык аймактарда калкты тейлɵɵ жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Айылдагы кеңселердин ар биринде кардардын суроо-талабын аткаруу үчүн жогорку деңгээлде тейлɵɵ үчүн адистер отурат. Ар бир кеңседе кардардын кайрылуусун кабыл алуу үчүн шарттар түзүлгɵн: алар үчүн кайрылууну каттоо журналы, каттар үчүн кутуча даярдалган жана ошондой эле кардардын оозеки кайрылуусун ар бир кызматкер кабыл алат. Кардарлардын ɵздүк суроолору боюнча кабыл алуу үчүн кеңселердин жетекчилери тарабынан кабыл алуу күндɵрү белгиленген.
Банк Кыргыз Республикасынын аймагында калктуу пункттарды тейлɵɵдɵ ɵзүнүн жакшы жактарын кɵрсɵтүүдɵ. Кызматкерлерибиз элди тейлɵɵдɵ ɵздɵрүнүн жогорку деңгээлдеги кесипкɵйлүгү, сылыктыгы жана элпектиги менен элдин эсинде. Бизди, жетекчиликти да, кардарларды кабыл алуудагы мындай жылуу мамиле кубантат. Кызматкерлерибиз эрудициясы күчтүү, интеллектиси жогору, ɵз ишине берилген адамдар деп эсептейм. Муну менен токтоп калбастан ар дайым тейлɵɵнүн сапатын жогорулатуунун үстүндɵ иштеп келебиз. Бул үчүн кардарлар менен тыгыз иштеп, алардын оюн, каалоолорун эске алуу менен ишти алып баруудабыз.
– FINCA банкынын келечектеги максаттарына токтоло кетсеңиз?
– Биздин башкы милдетибиз – ɵзүбүздүн кардарлар үчүн ишенимдүү жана кесипкɵй финансылык ɵнɵктɵш болуу, алардын суроо-талаптарын заманбап жана сапаттуу тейлɵɵнү камсыздоо. Биздин банк финансылык кызматтарды пайдалануу жолдорун жеңилдетүүнү жана калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга ɵзүнүн салымын кошууну кɵздɵйт.





