21-02-2017

Улуттук фотосүрөт конкурсу «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп, акча тапкыла»

Кыргызстанда балдар жана жаштар үчүн ««Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп, акча тапкыла» фотосүрөт конкурсу болуп өтөт.

FINCA Банк улуттук фотосүрөт конкурсунун демөөрчүсү катары чыкты. Улуттук фотосүрөт конкурсу «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы- 2017» (Global Money Week) алкагында өткөрүлөт. Жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралардын топтому кийинки муундун ишенимдүү жана жооптуу финансылык келечеги үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталып, 27-марттан 2-апрелге чейин өткөрүлөт.
Конкурс балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу, акчаларды башкарууну жана келечекке максаттарды коюп, финансылык пландарды иштеп чыгууну үйрөтүү максатында өткөрүлүп жатат.

Бүткүл Кыргызстандагы, анын ичинде алыскы аймактардагы жана айылдардагы 17 жашка чейинки балдар жана 25 жашка чейинки жаштар конкурска катышып, ар түрдүү номинациялар боюнча баалуу белектерди ала алышат.

Байге фонду:

Биринчи жаш курак – 17 жашка чейинки балдар (17 жаштагылар кошо)

Биринчи орун – 5000 сом,
Экинчи орун – 3000 сом,
Үчүнчү орун – 2500 сом

Экинчи жаш курак – 18 жаштан 25 жашка чейинки жаштар.

Биринчи орун – 5000 сом,
Экинчи орун – 3000 сом,
Үчүнчү орун – 2500 сом

Калыстар тобунун атайын үч номинациясы – 3000 сомдон.

Фотосүрөттөрдү жарыялоонун шарттары:
Конкурска катыша турган фотосүрөттөрдү Фэйсбук (Facebook) жана Инстаграм (Instagram) социалдык тармактарына жайгаштырып, фотосүрөттүн аталышын, ага кыскача баяндама жазып, #GMWKG2017, #GMW2017, #GlobalMoneyWeek, #GMWselfie хэштегин коюп, демөөрчүсү ЗАО «ФИНКА Банк» @FINCA.kg, «#FINCABankKyrgyzstan», «#DPI» хэштегин коюп, конкурстун уюштуруучусу жана координаторлору @GlobalMoneyWeek, @GlobalMoneyWeekKyrgyzstan, @DevelopmentPolicyInstitute, @Национальный банк КР, @КР Улуттук банкы көрсөтүү керек.

Бардык катышуучулар улуттук фотосүрөт конкурсунун жобосу менен таанышып чыгышы керек.

Маалымдама: «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» – Child and Youth Finance International (CYFI) эл аралык тармагынын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык билим берүү иш-чарасы. Бул долбоордун башкы максаты- финансылык интеграция, балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана ишкердик жөндөмгө үйрөтүү.
Социалдык тармактарга жарыялоого мүмкүнчүлүгү жок катышуучулардын сынакка катыша турган материалдары [email protected] электрондук дареги боюнча кабыл алынат.

Сурап билүү телефондору: 0 (312) 976 530 (31,32,33,34)
(0770) 061 216, (0557) 055 955.
Конкурстун материалдарын сунуштоонун жана жарыялоонун акыркы күнү – 27-март 2017-ж., саат 17:00 чейин.