19-01-2017

Авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам

Урматтуу кардарлар,

FINCA Банк 2017-жылдын 16-январында Бишкек шаарынан алыс эмес жерде болуп өткөн авиакырсыкта каза болгондордун туугандарына жана бардык кыргызстандыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтат жана орду толбос оор жоготууну тең бөлүшөт.
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында атайын эсеп ачты.

FINCA Банкта эсеби бар бардык кардарлар өз эсебинен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине Комиссиясыз акча которо алышат.
Банкта эсеби жок жарандар FINCA Банктын атайын ички эсебине накталай акча сала алышат. Эсепке акча салуу FINCA Банктын бардык филиалдарынын кассаларында КОМИССИЯСЫЗ жүргүзүлөт.

Бардык чогулган каражаттар Банк тарабынан КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күн сайын которулуп турат.

Урматтоо менен,
«ФИНКА Банк» ЖАК
Маалымат Борбору:
уюлдук тел.: 4400 (чалуу акысыз) же 0 (312) 440 440