26-05-2017

FINCA Банктын жаңы Аманат кассасынын салтанаттуу ачылышы Бишкек шаарынын 7-кичи районунда болуп өттү

Шаар тургундары үчүн FINCA Банктын жаңы Аманат кассасынын ачылыш аземи 26-майда Бишкек шаарынын 7-кичи районунда болуп өттү.

Бул күнү жаңы кассанын кызматкерлери чоңдорду жана кичинекей меймандарды бойлуу куурчактардын оюну жана самындын көбүгүн үйлөө, таттуу кебез жана кызыктуу мастер-класстар, интерактивдүү оюндар, спорт жана бий сынактары, фотосүрөттөрдү дароо чыгарып берүүчү акысыз фотосүрөт сессиясы жана көптөгөн белектер жана сыйлыктар менен тосуп алышты.

Ошондой эле банктын кызматкерлери бардык чогулгандарга – өнөктөштөргө, кардарларга жана түштүк кичи райондорунун тургундарына кеңсенин жана банк продуктуларынын бетачарларын сунушташты.

– Жаңы түзүмдүн ачылышы – бул дайыма биз үчүн жаңы жеңиш, банктын туруктуулугунун, өнүгүшүнүн жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошуп жаткан салымыбыздын далили. Ошондой эле бул бизди мекенибиздин тургундары – кыргызстандыктарга жакындатуучу жаңы кадам, – деп FINCA Банктын Башкармалыгынын Төрайымы Маргарита Черикбаева меймандарга кайрылды. – Биздин жалпы жамаатыбыздын, акционерлерибиздин жана насыя берүүчүлөрүбүздүн биримдигинин, ак ниеттүү эмгегинин натыйжасында, о.э. сиздердин колдооңуздар менен жана эң башкысы – кардарлардын бизге болгон ишениминин натыйжасында биз мындай жеңиштерге жетип жатабыз.

Өз кезегинде FINCA Банктын Бишкек филиалынын директору Марат Абдрахманов да сөз сүйлөдү:

– Эми борбор шаарыбыздын түштүк райондорунун тургундары жана ал жерде жайгашкан уюмдар банк кызматтарынын кеңири түрүнөн пайдалана алышат, анын ичинде: насыя берүү, депозиттерди салуу, эсептерди ачуу, акча которуулар, акча алмаштыруу, төлөм терминалдарын колдонуу.

Жаңы кеңсенин жайгашкан дареги: Токомбаев көчөсү, 53/2, «Глобус» гипермаркетинин жанында. Жаңы кеңсе FINCA Банктын жасалгалоо боюнча жаңы стандарттарына ылайык жабдылды жана жасалгаланды. Бул жерге келгендер меймандостукту жана жогорку деңгээлдеги тейлөөнү көрө алышат.

Бүткүл өлкө боюнча FINCA Банкта бардыгы болуп жерине баруучу кассаларды эсептебегенде 73 тейлөө түйүндөрү бар.