12-05-2017

Кант шаарындагы аманат кассасы шаардын борборуна көчүрүлдү

FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы 12-майда болуп өттү. Эми жеке жана юридикалык жактар кассаны шаардын борборунан – Ленин көчөсү, 68ден таба алышат.

Майрамдык аземге меймандар, өнөктөр жана кардарлар катышты. Банк башкармасынын төрайымынын орун басары Кай Ильм чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, FINCA Банк Кантта 20 жылдан бери иштеп жаткандыгын белгилеп кетти: «Бул жылдардын аралыгында биз 1300 кардар менен бекем кызматташууну түздүк, ал эми насыя портфелибиз 102 миллион сомду түздү. Жаңы кеңсе – бул Банктын өнүгүшүнүн жаңы кадамы. Биз акырындык менен кызматтарыбыздын түрүн көбөйтүп жатабыз. Мына азыр да Кантта биздин бардык кызматтарыбызды сунуштап жатабыз: насыя берүү, депозиттерди салуу, алыш-бериш эсептерин түзүү, акча которуулар, акча алмаштыруу, төлөм терминалдарын колдонуу. Мунун баарын биз сиздер көрүп тургандай, ыңгайлуу шарттарда жасап жатабыз: кеңсебиз жарык, жайлуу. Биздин кардарларыбыз менен кызматташуубуз мындан ары да уланаарына терең ишенем».

«Биз дайыма кардарларыбыздын ыңгайлуулугун ойлойбуз жана  сиздерге жакын болгудай кылып кеңселерди ачууга умтулабыз. Шаар курорттук-туристтик аймакка баруучу стратегиялык маанилүү жерде жайгашканын эске алсак, Аманат кассасы жол жүрүп бара жаткан адамдарга да, Кыргызстанга келген меймандарга да пайдасын тийгизип, биздин тоолуу мамлекетибиздин абройун жогорулатат деп эсептейбиз, – деп белгиледи FINCA Банктын филиалынын директору Нурлан Иманакунов.

Сиздерге Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин ачылыш аземинде тартылган сүрөттөрдүн отчетун тартуулайбыз.