15-06-2017

«SMS-билдирүү» кызматы 1-сентябрга чейин акысыз

Урматтуу кардарлар!

Сиздерге «SMS-билдирүү» кызматын акысыз колдонуу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылгандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

Мурда маалымдалгандай, кызмат 1-июлга чейин гана акысыз болгон.

«SMS-билдирүү» кызматы эсептеги операциялар тууралуу маалыматты алууга мүмкүндүк берет:

акча каражаттарынын жүгүртүлүшү;
депозитти пландуу толуктоолор;
депозит мөөнөтүнүн аяктоо күнү;
насыя боюнча пландуу төлөмдөр;
насыя боюнча төлөмдүн мөөнөтүнүн өтүшү.

Кызмат Кыргызстандын бардык байланыш операторлорунун абоненттери үчүн жеткиликтүү.

Кызмат 2017-жылдын 1-сентябрына чейин акысыз. Андан кийин кызмат баасы жеке жактар үчүн айына 25 сомду түзөт.*

«SMS-билдирүү» кызматын кошуу үчүн FINCA Банктын каалаган филиалындагы кардарларды тейлөө боюнча адистерге кайрылыңыздар.

*Кызмат үчүн акы эсептен алынат; кардардын талап болгонго чейинки эсеби жок болгон учурда, кызмат акысын банктын кассаларына төлөө керек.