04-04-2017
FINCA Bank жана «Ысык-Көл толкуну» радиосу финансылык сабатсыздыкты жоюуну ишке киргизди
Калктын финансылык сабаттулугун жогорулатуу демилгесин FINCA Bank жана «Ысык-Көл толкуну» радиосу биргеликте ишке киргизди. Эми Ысык-Көл облусунун тургундары бул радиостанциянын толкунунан «Финансы алиппеси» боюнча берүүлөрдү уга алышат.
FINCA Bank «Финансылык сабаттуулук» долбоорун беш жылдан бери ишке ашырууда жана өлкөнүн бардык аймактарында калк арасында тренингдерди өткөрүүдө. Бул маалыматтык-билим берүүчү кампания Кыргызстандагы акчаларды башкаруу жана банк кызматтары тууралуу билимдин зарылдыгына жооп катары болду.
Чакан жана орто бизнес чөйрөсү жигердүү өнүгүп жаткан жана финансылык чечимдерди кабыл алууну үйрөнүү талабы өсүп жаткан туристтик аймакка арналган жаңы радиоберүү «Финансылык сабаттуулук» долбоорунун бир бөлүгүн түзөт.
FINCA Bank орус тилиндеги үч мүнөттүк берүүлөрдүн демөөрчүсү гана болбостон, адамдарга финансы чөйрөсүн түшүнүүгө: кредит, депозит, кредит алуу же эсеп ачуу ж.б.у.с. маалыматтарды берет.
Радиоберүүнү Караколдо FM 107.7 жана Чолпон-Атада FM 107.5 жыштыгынан угууга болот. Күн сайын угуучулардын көңүлүнө 10 чыгарылыш тартууланат (5 жолку чыгарылыш жана 5 кайталоо), убактысы: 7:30, 8:30, 9:30, 11:30, 12:30, 14:30, 15:30,16:30,17:30 жана 18:30. Бардыгы болуп эфирге 150 радиоберүү чыгарылат.


