24-10-2016

“Үнөм-турак жай” кредити – FINCA Банк менен үнөмдөңүз!

FINCA Банк кардары Назгүл Автандиловна өзүнүн үйүндөгү эски жыгач терезени энергоэффективдүү терезеге алмаштырууну чечти. Көптөгөн энергия сактоочу терезелердин түрлөрүнүн арасынан ал сатыктагы эң сапаттуусун тандап алды.

Пландарын ишке ашыруу үчүн бир топ каражат керек болгондуктан, ал FINCA Банктын Балыкчы шаарындагы филиалына кайрылды. Арызы каралган соң ага “Үнөм – Турак-Жай” кредитинин алкагында 300 000 сом өлчөмүндө кредит берилди. Назгүл Автандиловна алган кредитин дароо эски терезелерин алмаштырууга жумшады.

Жумуш бүткөндөн кийин жана энергия сактоочу иш-чаралары өткөрүлгөндүгүн тастыктаган документтер көрсөтүлгөндөн кийин кардар KyrSEFF программасынын алкагында 650 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды.

“Үйдү жылуулоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар менин үй-бүлөмө бир топ каражатты үнөмдөөгө жардам берди. Бизге берилген бонусту кредитти төлөө үчүн колдонобуз жана бул үй-бүлөбүздүн бюджети үчүн чоң жардам болот,” – деп айтты Назгүл Автандиловна.

KyrSEFF менен биргеликте иштелип чыккан “ҮНӨМ-ТУРАК ЖАЙ” кредити үйлөрүңүздүн жана батирлериңиздин абалын жакшыртууга жардам берет. Энергия сактоочу материалдарды колдонуу менен сиз энергия колдонууга кеткен чыгашалардын көлөмүн азайта аласыз.

Кредиттин артыкчылыктары:

Турак-жайдын жайлуулугун арттыруу;
Коммуналдык төлөмдөргө коротулган чыгашаны азайтуу;
Кредиттин суммасынын 35%дык көлөмүндө грантка ээ болуу (энергоэффективдик иш-чаралардын түрүнө карата).