03-10-2024

Эскертүү, алдамчылар!

Урматтуу кардарлар!

⚠️ Акыркы убактарда Мобилдик жана Интернет Банкты колдонуу менен алдамчылык учурлары көбөйдү. Биз сиздерди этият болууга чакырабыз:
Логиндериңизди, сыр сөздөрүңүздү же банктык тутумдарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүңүздү эч качан үчүнчү жактарга бербеңиз, сизге акчалай сыйлык сунушташса дагы!
FINCA Банкынын жана Улуттук Банктын кызматкерлери мындай маалыматтарды эч качан сурабайт.

🚨 Алдамчылар сиздин аккаунттарыңызга кирип, банктык тиркемелер аркылуу мыйзамсыз операцияларды жүргүзүшөт. Бул терроризмге жана акчаларды адалдоого каршы мыйзамдарга ылайык сиздин жоопкерчилигиңизге алып келиши мүмкүн.

Эмнени эстен чыгарбаш керек:

  • Эсептериңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн эч кимге бербеңиз;
  • Таныш эмес же аз тааныш адамдарга ишеним кат жазып бербеңиз.

Эгерде сизде шек же суроолор пайда болсо, Банктын расмий каналдары аркылуу биз менен байланышууга чакырабыз.

Түнү-күнү иштеген контакт-борбор:
📞 4400 (чалуу акысыз)
📞 +996 505 440 044 (WhatsApp)
📞 +996 312 440 440

Социалдык тармактар:
Facebook: http://www.facebook.com/FINCABank.kg/
Instagram: http://www.instagram.com/fincabank.kg/

Этият жана сак болуңуздар! Ар дайым маалыматты ишенимдүү булактардан текшериңиздер. Өзүңүздү жана финансыңызды алдамчылыктан коргоңуздар!