16-02-2026

Astrasend (RUB) аркылуу которууларды алуучулар үчүн маалымат!

Урматтуу кардарлар!

Сураныч, төмөнкү маалыматка көңүл буруңуз:

Astrasend системасы аркылуу рубль менен келген акча которуулар алуучуга улуттук валютада –  сом менен төлөнөт.

Которуу Банктын учурдагы коммерциялык (накталай эмес) курсу боюнча конвертацияланат.

Төлөмдү жүргүзүү үчүн рубль менен келген которуу кардардын эсебине түшөт, андан кийин конвертация жүргүзүлүп, сом менен төлөнүп берилет.

Эгерде алуучу эсеп ачууга жана которууну сомго накталай эмес түрдө конвертациялоого макул болбосо, анда ал которууну рубль менен алуу үчүн башка коммерциялык банкка кайрылууга укуктуу.

Ошондой эле билдиребиз, 2026-жылдын 1-январынан тартып Astrasend аркылуу рубль менен которууларды төлөп берүү боюнча 1,5% комиссия алынбайт – төлөм комиссиясыз жүргүзүлөт.

Түшүнүү менен кабыл алып, ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!