12-06-2026

Банктык карталарды жана жеткиликтүүлүк маалыматтарын үчүнчү жактарга бербеңиз

Урматтуу кардарлар!

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жарандардын банктык карталарын, эсептерин, электрондук капчыктарын, ошондой эле интернет-банкингдин логиндерин жана сырсөздөрүн үчүнчү жактарга берүү учурлары көбөйүп жаткандыгын маалымдады.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, мындай маалыматтар мыйзамсыз аракеттерди жана финансылык кылмыштарды жасоо үчүн алдамчылар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн.

Эсиңиздерге салабыз:

🔹 Банктык картаңызды, эсеп реквизиттерин, логиндерди, сырсөздөрдү, PIN-коддорду жана SMS аркылуу келген ырастоо коддорун эч качан башка адамдарга бербеңиз.

🔹 Сиз менен сүйлөшүп жаткан адам өзүн банктын, укук коргоо органдарынын же мамлекеттик мекеменин кызматкери катары тааныштырса да, SMS жана push-билдирүүлөр аркылуу келген коддорду эч кимге айтпаңыз.

🔹 Банктын мобилдик тиркемесине жана интернет-банкингге жеткиликтүүлүктү үчүнчү жактарга бербеңиз.

🔹 Акча каражаттарын алуу же которуу үчүн банктык картаңызды же эсебиңизди пайдаланууга байланышкан «оңой акча табуу» сунуштарына макул болбоңуз.

Банктык карталарды, электрондук капчыктарды жана жеткиликтүүлүк каражаттарын үчүнчү жактарга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Сиздин каражаттарыңыздын коопсуздугу финансылык коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин сактоодон башталат. Сак болуңуз жана банктык маалыматтарыңызды коргоңуз.

Эгерде алдамчылык аракеттерге шектенсеңиз, дароо банктын расмий байланыш каналдары аркылуу кайрылыңыз.