30-01-2026
Биздин кардарыбыз Жазгүлдүн ийгилик баяны
Жазгүл кесиби боюнча мугалим. Ал бир нече убакыт мектепте иштегенден кийин кесибин өзгөртүп, он жылдай тигүү цехинде тигүүчү болуп эмгектенген.
Анын келечектеги бизнесинин тарыхы күтүүсүздөн башталган. Бир күнү Жазгүл жолдошуна күрмө тигип берет. Аны тааныштарынын бири көрүп, өзү үчүн да ошондой күрмө тигип берүүнү өтүнөт. Биринчи буйрутмадан кийин жаңы кардарлар келе баштап, Жазгүл сүйүктүү иши өз бизнесинин пайдубалы боло аларын түшүнөт.

Башында Жазгүл өз ишин ачууну пландаган эмес. Баары үй-бүлөлүк максаттан башталган. Кызы турмушка чыгууга камынып жаткандыктан, тойдон кийин конокторду татыктуу тосуп алуу үчүн чоң үй керек эле. Ушул максат менен Жазгүл акырындык менен аракет кыла баштап, жер тилкесин сатып алып, үйүнүн биринчи кабатын курган.
Кийинчерээк Жазгүл катуу ооруп калат. Жолдошу анын ден соолугу үчүн тынчсызданып, токтоосун суранган. Бирок Жазгүл максатынан баш тарткан эмес. Ал баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарууну каалаган. Анын өжөрлүгүн көргөн жолдошу чечимин колдойт.

Өз идеяларын ишке ашыруу үчүн Жазгүл FINCA Банкка кайрылып, керектүү каржылык колдоо алган. Ал каражаттын жардамы менен үйүнүн экинчи кабатын бүтүрүп, бизнесин андан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Алгач Жазгүлдүн болгону үч тигүү машинасы бар эле. Бүгүнкү күндө анын цехинде жыйырмадан ашуун тигүү машинасы иштеп жатат. Ал күн сайын өндүрүшкө келип, кызматкерлерге тапшырмаларды бөлүштүрөт, кечинде аткарылган иштер боюнча отчет алып, даяр продукцияны жөнөтүүнү уюштурат.

Иш Жазгүл үчүн киреше булагы гана эмес, ооруну жеңүүгө жардам берген чоң күчкө айланган. Ал дайыма аракет үстүндө болуп, өзүн энергиялуу сезип, бара-бара дартын жеңе алган.
Бизнес ачылгандан кийин анын ой жүгүртүүсү да өзгөргөн. Жазгүл каалоо, өжөрлүк жана аракет болсо, жашоодо көп нерсеге жетүүгө болорун түшүнгөн. Бүгүн ал өз алдына дагы чоңураак максаттарды коюп, аларга ишенимдүү кадам таштоодо.

«Өз бизнесин баштоону ойлонуп жүргөндөргө айтарым: эгер чындап кааласаңыз, аракет кылуудан коркпоңуз. Кичинекей кадамдардан баштаңыз, андан кийин баары жеңилирээк болот. Аздан баштасаңыз, убакыт өткөн сайын баары өз нугу менен өнүгөт», — дейт Жазгүл.
Биздин кардарыбыздын ийгилигине жетишине жардам берген эң башкы сапат — анын өжөрлүгү. Ал баштаган ишин жыйынтыкка жеткирмейинче тынч отура алчу эмес. Дал ушул өжөрлүк, эмгекчилдик жана өзүнө болгон ишеним аны үч тигүү машинасынан ийгиликтүү өнүгүп жаткан жеке тигүү цехине чейин алып келди.
FINCA Банк Жазгүлдүн ийгилик тарыхынын бир бөлүгү болгонуна сыймыктанат жана анын ишкерлик жолунда мындан ары да колдоо көрсөтүүнү улантат. Биз ага бардык максаттарына жетишин, жаңы ийгиликтерди, туруктуу өсүүнү жана ар бир жаңы кадамында ишеним каалайбыз. Алдыда Жазгүлдү дагы көптөгөн чоң жеңиштер күтүп турганына ишенебиз жана анын бардык пландарын ишке ашырууда ар дайым жанында болобуз.



