23-09-2026
«Бизнестеги айымдар» программасынын алкагында ишкер айымдар үчүн практикалык семинар
19-сентябрда Манас шаарында ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» программасынын алкагында ишкер айымдар үчүн практикалык семинар өткөрдүк.
Жолугушууга 70тен ашуун айым катышты. Алардын арасында жаш кыздар, тажрыйбалуу ишкерлер, өз ишин ачууну жаңыдан ойлонуп жүргөндөр жана көп жылдан бери бизнесин өнүктүрүп келе жаткандар болду.
Эң жаш катышуучу 20 жаштарда болсо, эң улуусу 77 жашта эле.
Балдары менен келген апалар да болду. Бул биз үчүн маанилүү: айымдарга өзүнө, билим алууга жана өнүгүүгө бир күн арноо дайыма эле оңой эмес. Ошондуктан катышуучулардын кунт коюп угуп, суроо берип, бири-бири менен таанышып, тажрыйба бөлүшүп жатканын көрүү өзгөчө кубандырды.
Биз иш жүзүндө пайдалуу темаларды талкууладык: ишкер айымдар үчүн каржылык куралдар жана мүмкүнчүлүктөр, санариптик кызматтар, коопсуздук жана алдамчылыктан коргонуу, салыктар, ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү, насаатчылык, бизнести Instagram аркылуу илгерилетүү жана жаңы ишкер байланыштарды түзүү.
Пайдалуу жана түшүнүктүү сессиялары үчүн Жылдыз Мустапакуловага жана Адилет Турсунбековго, ал эми ачык маек куруп, катышуучулардын суроолоруна жооп бергени үчүн Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Эламанга ыраазычылык билдиребиз.
Семинарды уюштурууга чоң жардам берип, жеринде колдоо көрсөткөн Жалал-Абад филиалынын директору Мурат Рахмановго жана административдик колдоо боюнча адис Мирлан Ташиевге өзгөчө рахмат.
Албетте, бир күндө бизнестеги бардык маселелерди чечүү мүмкүн эмес. Бирок катышуучулардын жок дегенде 10%ы бул жолугушуудан алган маалыматын колдонуп, үйрөнгөндөрүнүн бирин иш жүзүнө ашырса, пайдалуу байланыш түзсө, керектүү куралды тапса же өз ишин өнүктүрүүдө кийинки кадамын жасаса — демек, бул күн чыныгы пайдасын тийгизди.
Ал эми бир залга жаш курагы, тажрыйбасы жана басып өткөн жолу ар башка 70тен ашуун айым чогулганда, мындай жолугушуулардын маанисин өзгөчө сезесиң.
Бул күндүн жандуу, пайдалуу жана чындап керектүү өтүшүнө салым кошкон бардык кесиптештерге рахмат!


