27-03-2026
«Бизнестеги аялдар» аттуу аял ишкерлер үчүн семинар
2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаарында ЕӨРБнын Борбор Азиядагы «Бизнестеги аялдар» программасынын алкагында FINCA Банк аял ишкерлер үчүн практикалык семинар өткөрдү. Иш-чарага 50гө жакын аял катышты.
Семинарда FINCA Банктын Коммерциялык директору Назакат Асланова аялдардын ишкердигин колдоонун мааниси тууралуу айтып, банк сунуштаган финансылык жана финансылык эмес мүмкүнчүлүктөрдү тааныштырды.

ЕӨРБнын өкүлү бизнести колдоо боюнча мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берсе, SheStarts командасы ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана ментордук программалар жөнүндө айтып берди.

Семинардын алкагында финансылык инструменттер, коопсуздук жана алдамчылыктан коргонуу боюнча практикалык тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен ачык жолугушуу болуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Бул семинар билим алууга гана эмес, жаңы тааныштарды табууга да жакшы мүмкүнчүлүк болду. Катышуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, пайдалуу кеңештерди алышты жана жаңы байланыштарды түзүштү. Алар иш-чаранын пайдалуулугун жогору баалап, мындай семинарлар өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлсө деген каалоолорун билдиришти.



