26-06-2026
Энергияны үнөмдөө боюнча жөнөкөй кеңештер
Жарыктандыруу – жөнөкөй кадамдан баштаңыз
- Табигый жарыкты мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланыңыз. Ачык түстөгү пардаларды илиңиз, терезелерди таза кармаңыз жана терезе текчесин ашыкча буюмдардан бошотуңуз.
- Ачык түстөгү дубалдар жарыктын 80% чейин чагылдырат, ал эми кара түстөгүлөр болгону 15%га чейин. Оңдоо иштеринде муну эске алыңыз.
- Таза лампалар жарыгыраак күйөт. Чаң жана кир жарыкты 30%га чейин азайтат.
Акылдуу жарыктандыруу = үнөмдөө
- Жалпы жана жергиликтүү жарыктандырууну айкалыштырыңыз — бул жарык берүүчү шаймандардын натыйжалуулугун жогорулатат.
- Диммерлерди жана кыймыл сенсорлорун орнотуңуз — ыңгайлуу жана үнөмдүү.
- Энергияны үнөмдөөчү лампаларга өтүңүз — алар 6–7 эсе узак кызмат кылат жана бир жылдын ичинде өзүн актайт.
- Эгер бөлмөдөн 10 мүнөттөн ашык убакытка чыксаңыз, жарыкты өчүрүңүз.
Жылуулук — бул сиздин акчаңыз
- Таза жана жабылбаган радиаторлор жакшыраак жылытат. Аларды көшөгө же эмерек менен жаппаңыз.
- Радиатордун артына жылуулукту чагылдыруучу экран орнотуңуз — бөлмөнүн температурасы 1–2 °C көтөрүлүшү мүмкүн.
- Терезелерди, балконду, полду жана кире бериш эшикти жылуулаңыз — жылуулуктун 70%га чейин дал ушул жерлер аркылуу жоголот.
Турмуш-тиричилик техникасы — туура тандасаңыз, азыраак энергия сарптайт
- А классы же андан жогорку класстагы техниканы тандаңыз. Баасы кымбатыраак болгону менен, энергияны 2/3кө чейин үнөмдөйт.
- Колдонбогон техниканы розеткадан ажыратыңыз — күтүү режими (standby) дагы электр энергиясын сарптайт.
- Кубаттагычтарды колдонбогондо розеткада калтырбаңыз — алар жөн гана ысып, электр энергиясын коротот.
Тамакты ашыкча чыгымсыз даярдаңыз
- Идиштин өлчөмү конфорканын өлчөмүнө туура келиши керек.
- Тамакты капкагы жабык идиште бышырыңыз — бул энергияны 30%га чейин үнөмдөйт.
- Чайнектеги кебээрди убагында тазалап, керектүүдөн ашык суу кайнатпаңыз.
Техника — тазалык жана туура режим
- Чаң соргучтун баштыгы толуп калса, анын кубаттуулугу 40%га чейин төмөндөйт.
- А класстагы кир жуугуч машина 10 жыл ичинде жүздөгөн кВт·саат электр энергиясын үнөмдөйт.
- Компьютердин энергиясынын 70%га чейинин монитор керектейт. Узак убакытка кетсеңиз, бүт системаны эмес, экранды өчүрүңүз.