01-03-2021
FINCA Банк Кыргызстандын бардык мектептеринин арасында «Эң креативдүү акча топтогуч» улуттук конкурсун ишке киргизүү жөнүндө жарыялайт!
FINCA Банк Кыргызстандын бардык мектептеринин арасында «Эң креативдүү акча топтогуч» улуттук конкурсун ишке киргизүү жөнүндө жарыялайт!
Конкурс Global Money Week — Kyrgyzstan 2021 (Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы) иш-чараларынын алкагында өткөрүлөт, ал быйылкы жылы 22-28-март күндөрү өткөрүлмөкчү.
Конкурстун максаты — балдардын көңүлүн финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга тартуу, акчаны башкарууга үйрөтүү, максаттарды коюп, келечекке финансылык пландарды иштеп чыгуу зарыл.
Конкурстун байгелери:
1-Орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 30 миң сомго.
2-Орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 25 миң сомго.
3-Орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 20 миң сомго.
4-Орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 15 миң сомго.
5-Орун: мобилдик телефон + депозиттик сертификат 10 миң сомго.
Ошондой эле 10 сыйлоочу байгелер бар!
Конкурска коюлган негизги темалар жана максаттар:
1. Катышуучу төмөнкү темага топтогучту даярдайт:
«Эң креативдүү топтогуч» (даярдоодо башкача материалдарды пайдаланса болот);2. Топтогучтун концепциясы жана дизайны кантип иштелип чыккандыгы жөнүндө видеоролик (видео сереп), даярдоонун техникасы тууралуу айтып берүү.
Ишти уюштуруучуларга 17:00 2021-жылдын 23-марты саат 17:00гө чейин. Электрондук почтанын дарегине: [email protected] (эгер видеонун өлчөмү чектен көп болсо, анда аны файл алмаштыруучуга жүктөп, жогоруда көрсөтүлгөн почтага жүктөп алуу үчүн шилтемесин жиберү керек)
Бардык суроолор боюнча Колл-борборго кайрылсаңыздар болот:
+996(312) 440-440
4400 (мобилдик аппараттан чалуу акысыз)


