29-05-2017
FINCA Банк кайрымдуулук концертин колдоду
FINCA Банк Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналган кайрымдуулук концертинин демөөрчүлөрүнүн бири болду. Иш-чаранын уюштуруучусу – Help the children-SCD коомдук кайрымдуулук фонду. Аталган фонд Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык ооруларга дуушар болгон балдарга жардам берет.
Концертке сатылган билеттерден түшкөн акча, ошондой эле анын жүрүшүндө жардам катары чогулган акчалар улуттук дарылоо мекемелеринин гематология жана онкология бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан кичинекей балдарга дары-дармектерди алууга жумшалат.
Иш-чара 30-майда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болуп өтөт, башталышы 18.30.


