16-07-2026
FINCA Банк GOLD деңгээлиндеги эл аралык сертификатын кайрадан тастыктады
FINCA Банк Кыргызстан Кардарларды коргоонун эл аралык принциптерине шайкештигин дагы бир ирет тастыктап, MFR комитетинин эң жогорку сертификациялоо деңгээлине (GOLD Level) ээ болду.
Бул Банктын бардык бөлүмдөрүнүн алты айлык биргелешкен эмгегинин натыйжасы. Кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо – ишмердүүлүгүбүздүн негизги принциби.
Ушул жетишкендикке кошкон салымы үчүн FINCA Банктын бүтүндөй жамаатына ыраазычылык билдиребиз.


