11-11-2022
FINCA Банкы менен Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнү!
31-октябрда Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнүн 8-жолу белгиледи.
Бул күндүн негизги максаты — балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, үнөмдөө маданиятын калыптандыруу жана келечекти туура пландаштырууга жардам берүү. Анткени үнөмдөө — ишенимдүү келечектин негизи.
FINCA Банкы Кыргызстанда үнөмдөө маданиятын өнүктүрүүгө багытталган бул демилгенин салттуу катышуучусу болуп саналат.
Октябрь айынын ичинде Банктын адистери өлкө боюнча 32 финансылык сабаттуулук тренингин өткөрүшүп, аларга 900дөн ашуун мектеп окуучусу жана чоңдор катышты.
Катышуучулар «Үнөмдөө» темасындагы финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерге катышышты.
Кызыктуу жана түшүнүктүү лекциялардын жүрүшүндө Банктын кызматкерлери балдарга акчанын пайда болуу тарыхын айтып берип, үнөмдөөнүн маанисин түшүндүрүштү жана жеке каржыны туура башкаруу боюнча пайдалуу кеңештер менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга FINCA Банкынын эстелик белектери тапшырылды.


