26-02-2026
«Кыял» депозити боюнча жазгы акция: жылдык 15%
Эл аралык айымдар күнүнө карата, FINCA Банк айымдардын «Кыял» депозити боюнча атайын март айындагы акцияны баштайт.
1-марттан 31-мартка чейин депозит боюнча максималдуу пайыздык чен жылына 15% түзөт.
«Кыял» депозити финансылык туруктуулукка умтулган, маанилүү максаттарды пландаган жана келечек үчүн каражат топтогон айымдар үчүн түзүлгөн. Акциялык пайыздык чен кирешелүүлүктү жогорулатууга жана топтолгон каражатты дагы да натыйжалуу көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Депозиттин артыкчылыктары:
- Максималдуу пайыздык чен — акция мезгилинде жылына 15%
- Баштапкы минималдуу сумма — 500 сомдон
- Жайгаштыруу мөөнөтү — 6 айдан 24 айга чейин
- Туруктуу түрдө толуктоо мүмкүнчүлүгү менен
- Каражатты өз убагында толуктоодо – жылына 3% чейин кошумча бонус
- Толуктоо датасынан кийин 10 күн жеңилдетилген мөөнөт
Пайыздар жыл сайын капиталдаштырылат, бул депозиттин өсүшүнө шарт түзөт.
Акция 1-марттан 31-мартка чейин күчүндө болот.
Бул жерден арыз толтуруп, адистен консультация алсаңыз болот.
Март айына карата пайыздык чендер.
Сом менен эффективдүү пайыздык чен – 16,08% чейин.


