12-12-2024
Кредиттер үчүн муздатуу мезгилин киргизүү!
Урматтуу кардарлар!
2024-жылдын 13-декабрынан тартып КРУБ Башкармасынын № П- 12/63 — 1-(НПА) токтому күчүнө кирет, анда насыялар боюнча муздатуу мезгили киргизилет.
Муздатуу мезгили деген эмне?
Бул кредиттик келишимге кол коюлгандан кийинки белгиленген убакыт аралыгы, анын ичинде банк насыя алуучуга акчаны убактылуу которбойт. Бул мезгилде Сиз өз оюңузду өзгөртүп, эч кандай түшүндүрмөсүз жана айып пул төлөбөстөн насыядан баш тарта аласыз.
Бул кантип иштейт?
Муздатуу мезгилинин узактыгы насыянын суммасына жараша болот:
- 5 000 сомдон 14 900 сомго чейин — насыя заматта берилет
- 15 000 сомдон 49 900 сомго чейин — 3 саат күтүшөт
- 50 000 сомдон 100 000 сомго чейин — 6 саат күтүшөт
- 100 000 сомдон жогору — насыя 24 сааттан кийин которулат
Бул эмне үчүн маанилүү?
Муздатуу мезгили ойлонууга жана чечимди жоопкерчилик менен кабыл алууга жардам берет.
Суроолоруңуз болсо, банк кызматкерлери ар дайым жардам берүүгө даяр. Банктын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз же байланыш борборуна чалыңыз:
📞 4400 (чалуу акысыз)
📞 +996 505 440 044 (WhatsApp)
📞 +996 312 440 440
Биз сиздин ыңгайлуулугуңуз жана ишенимиңиз үчүн иштейбиз!


