09-07-2026

Пландуу техникалык иштер жөнүндө

Урматтуу кардарлар!

АБС Онлайн Банк системасынын резервдик серверлерине которуу боюнча пландуу техникалык иштер жүргүзүлөрүнө байланыштуу айрым банктык сервистердин ишинде убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Иштер жүргүзүлө турган убакыт:

2026-жылдын 10-июлу — 21:00дөн 01:00гө чейин;
2026-жылдын 11-июлу — 19:00дөн 23:30га чейин.

Бул убакыт аралыгында төмөнкү кызматтарды колдонууда кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн:

Интернет-банкинг;
Мобилдик интернет-банкинг;
АБС (анын ичинде «Золотая Корона» сервери);
төлөм терминалдары;
Элкарт жана Visa карталары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар.

Техникалык иштер аяктагандан кийин бардык кызматтар кадимки режимде иштей баштайт.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз.