07-09-2020

«РАХМАТ» лоялдуулук программасы

FINCA Банкы туруктуу кардарларын жогору баалайт. Кызматташууңуз үчүн ыраазычылык билдирүү максатында жана Кыргызстандагы FINCA Банкынын 25 жылдык мааракесине карата «РАХМАТ» аттуу атайын лоялдуулук программасын ишке киргизди. Бул программада банк менен көп жылдан бери кызматташып келе жаткан ар бир кардарга өзгөчө артыкчылыктар, бонустар жана арзандатуулар сунушталат.

Программа Банктын бардык кардарлары — жеке жактарга да, юридикалык жактарга да — арналган. Программанын алкагында кардарларга төмөнкү статустардын бири ыйгарылат:

«Күмүш»
«Алтын»
«Платина»
«VIP»

Мындан тышкары, Банк менен кызматташууну улантуу аркылуу статусуңузду жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар.

Программанын шарттарына ылайык, кардарлар төмөнкүдөй көптөгөн артыкчылыктарга ээ болушат:

кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү;
зарыл учурда күрөөсүз кредит алуу мүмкүнчүлүгү;
FINCA ЭЛКАРТ төлөм картасын акысыз тейлөө;
өнөктөш дүкөндөрдөн арзандатуулар;
валюта алмаштырууда жеке курс сунуштоо;
накталай акча алуу жана SWIFT которуулары боюнча төмөндөтүлгөн тарифтер;
талап боюнча эсептеги калдыкка пайыздардын эсептелиши;
кезексиз тейлөө;
жана башка көптөгөн артыкчылыктар.

Кардардын статусун аныктоо жана программа тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн Банктын адистерине кайрылсаңыз болот.

FINCA Банкынын кардары болуп, бизге кошулуңуз — биз сизге «РАХМАТ» айтабыз!

Бардык суроолоруңуз боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот: 0312 440-440 же 44-00 (уюлдук телефондон чалуу акысыз).