15-10-2025

Руперт Скофилд фонду 2025 сынагы үчүн арыздарды кабыл алуу башталды

FINCA International компаниясы FINCAнын негиздөөчүлөрүнүн бири Руперт Скофилддин урматына негизделген жыл сайын өтүүчү Руперт Скофилд фонду сынагынын башталганын жарыялады.

 

Бул фонддун максаты — жакырчылык менен күрөшүүгө жана адамдардын, коомдордун жашоосуна узак мөөнөттүү оң таасир жараткан тайманбас жана жаңычыл идеяларды колдоо.

 

Фонд өз идеяларын ишке ашырууга даяр болгон FINCA кызматкерлери, кардарлары жана өнөктөштөр компаниялар үчүн гранттарды берет.

 

🔹 Грант категориялары:

 

Идея – жаңы идеяны же прототипти изилдөө же сыноо (10 000 АКШ долларына чейин).

 

Долбоор – жаңы же жакшыртылган продуктту, кызматты, тейлөө ыкмасын же маркетингди ишке киргизүү (25 000 АКШ долларына чейин, көп жылдык каржылоо мүмкүн).

 

Кеңейтүү – ийгиликтүү чечимди көбүрөөк кардарларга жеткирүү (50 000 АКШ долларына чейин, көп жылдык каржылоо мүмкүн).

 

🔹 Арыздарды баалоо критерийлери:

 

  • FINCAнын жакырчылык менен күрөшүү миссиясына шайкештик;

 

  • жаңычыл жана прорывдык ыкма;

 

  • жергиликтүү коомчулуктун көйгөйдү аныктоого жана чечим сунуштоого катышуусу;

 

  • долбоордун туруктуулук планынын реалдуулугу;

 

  • командадагы изденүүчүлүк дух жана ишкерлик мамиле.

 

🔹 2025-жылкы сынактын негизги даталары:

 

2025-жылдын 16-ноябры (АКШнын чыгыш убактысы боюнча 23:59 чейин) – арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү;

 

2026-жылдын январь айы – жеңүүчүлөрдү жарыялоо.

 

🔹 Арыз берүү тартиби:

 

Арызды онлайн-платформа аркылуу тапшырууга болот:

 

👉 Rupert W. Scofield Vision Fund Application Portal