29-05-2026

Салыктык төлөм талабынын аткарылыш тартиби жөнүндө.

Урматтуу банктын кардарлары!

Сизге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85-беренесине ылайык, салык төлөөчү тарабынан ыктыярдуу түрдө салык карызын төлөбөгөн учурда, салык органы салык төлөөчүнүн банк эсептериндеги каражаттардан салык төлөө талабын (СТТ) коюу жолу менен мындай карызды өндүрүп алууга укуктуу экенин билдиребиз. Салык төлөөчүнүн банктарда эсептери болгон учурда, СТТ Банкка келип түшкөн күндөн кийинки бир жумушчу күндөн кечиктирбестен, салык карызын төлөө эсебине акча каражаттарын, анын ичинде чет өлкө валютасын эсептен чыгаруу жолу менен биринчи кезектеги тартипте аткарылат.

Ушуга байланыштуу, СТТ Банкка келип түшкөн учурда, сиздин банк эсебиңиздеги акча каражаттар же учурда келип түшкөн каражаттар биринчи кезекте салык карыздарын төлөөгө жумшалаарына көңүлүңүздү бурабыз.

Мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карыздын алдын алуу үчүн, салык милдеттенмелерин өз убагында жана өз алдынча аткарууну, ошондой эле кредиттик милдеттенмелерди өз убагында төлөөнү камсыз кылуу үчүн, банк эсебиңизде жетиштүү каражаттын болушун камсыз кылууну сунуштайбыз.

Эсиңизде болсун, кредиттик милдеттенмелерин өз убагында аткарбоо кредиттин төлөнбөй калышына жана кредиттик тарыхыңыздын начарлашына алып келиши мүмкүн.

Түшүнүү менен кабыл алганыңыз үчүн рахмат.