18-06-2021

Социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында FINCA Банкынын Кызыл-Кыя филиалы бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырды.

Көп жылдан бери FINCA Банкы өлкөнүн финансылык рыногунда өзүнүн ийгиликтүү ишмердүүлүгү менен гана эмес, жогорку социалдык жоопкерчилиги менен да алдыңкы орундардын бирин ээлеп келет. Биз кайрымдуулукка, билим берүү жана маданий демилгелерге колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле жардамга муктаж адамдарга кам көрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Кайрымдуулук жана социалдык жоопкерчилик биздин корпоративдик маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында FINCA Банкынын Кызыл-Кыя филиалы бир нече маанилүү долбоорду ишке ашырды. Биздин кызматкерлер Карим Акматов атындагы орто мектептин администрациясынын кайрылуусуна жооп берип, мектеп үчүн проектор сатып берүүгө жардам көрсөтүштү.

Мындан тышкары, филиалыбыз «Жаш балапан» жана «Додон» аттуу эки бала бакчага бирден көп функциялуу басып чыгаруу түзмөгүн (МФУ) белекке берди. Бул жабдуулар тарбиячыларга окуу материалдарын даярдоону жеңилдетип, балдардын маалыматты жакшыраак өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтөт.

Алдыдагы жылдары Банкты мындан ары да жигердүү өнүктүрүүнү пландап жатабыз. Ошондуктан бизди чоң иштер күтүп турат. Ошол эле учурда, FINCA Банкы бизнес максаттары канчалык маанилүү болбосун, кайрымдуулук жана социалдык демилгелерге өзгөчө көңүл бурууну улантат. Бул алдыда дагы көптөгөн пайдалуу жана маанилүү долбоорлор ишке ашырыларын билдирет.