28-01-2026

Жаңы салык режими жөнүндө

Урматтуу кардарлар!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине «Транзакцияга салык» аттуу атайын салык режими киргизилгенин маалымдайбыз.

Негизги шарттар:
• салык чени 0,1% түзөт;
• эсеп ачылган банк транзакция жүргүзүлгөн учурда салык агенти катары салыкты автоматтык түрдө кармап, бюджетке которот.
Транзакциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттер бир гана «Транзакцияга салык» атайын салык режимин колдонууга укуктуу. Бул режимди колдонууда Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүк жүргүзүүгө жол берилбейт.

Транзакциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин атайын салык режимин колдонуу жөнүндө арызды салыктык каттоодо турган жери боюнча салык органдарына тапшырууга тийиш.