Кайрылуулар тартиби
Кардарлардын кайрылууларын карап чыгуунун жана эсепке алуунун тартиби
Биздин тейлөө сапатыбызды жакшыртуу боюнча суроолоруңуз, даттанууларыңыз же сунуштарыңыз болсо, бизге кайрылсаңыз болот:
Оозеки
- Банктын каалаган кызматкерине
- Маалымат борборуна: 4400 (чалуу акысыз) же (312) 440-440
- Банктын филиалдарынын башка телефон номерлерине
Жазуу жүзүндө
- Даттануулар жана сунуштар китебине
- Арыз менен
- Анонимдүү кайрылуулар үчүн бланкты толтуруп, Банктын кеңсесиндеги кутуга салуу менен.
Электрондук түрдө
- Онлайн форма аркылуу
- [email protected] электрондук почтасы аркылуу
Банктын аткаруучу органынын жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле Банктын филиалдарынын жетекчилери керектөөчүлөрдү бекитилген графикке ылайык жеке кабыл алууну жүргүзүшөт: ар бир дүйшөмбү күнү саат 10:00дөн 11:00гө чейин.
Ошондой эле, керектөөчүлөрдү жеке кабыл алуу Банктын жооптуу кызматкери тарабынан да туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Кардарлардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларын кароо мөөнөтү – отуз календардык күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жооп берүү менен.
Кардарлардын кайрылууларын карап чыгуунун жана эсепке алуунун тартиби.

