Купуялуулук саясаты

www.fincabank.kg веб сайтынын купуялуулук саясаты

“ФИНКА Банк” Кыргызстан ЖАК бул веб-сайтты ишибиз жөнүндө калкка маалымдоо жана аралыктан идентификациялоо, онлайн насыялар, аралыктан эсеп ачуу жана башкалар сыяктуу аралыктан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн суроо-талаптарды жөнөтүүлөрдү камсыз кылат.

Бул сайтка карата автордук укуктар, ошондой эле ушул сайтта камтылган бардык материалдар “ФИНКА банкы” Кыргызстан ЖАКка таандык жана бул сайтта камтылган бир да тексттин, материалдын/сүрөттөрдүн, графикалык элементтердин бир да бөлүкчөсү толугу менен же жарым-жартылай алдын-ала “ФИНКА Банк” Кыргызстан ЖАКтын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз иштетүүгө болбойт.

“ФИНКА Банк” Кыргызстан ЖАКтын каалаган электрондук дарегине ар кандай маанидеги текстти жөнөтүү менен, Сиз жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө, анын ичинде Дайындардын коопсуздугун камсыз кылуунун зарыл чараларын сактоо менен Германияда жайгашкан DigitalOcean компаниясынын «сервер булуттарын» пайдалануу менен Сизге Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максатында аларды танс-чек аралык берүүгө атайын дайындалган электрондук формаларда бересиз.

Ушул сайт тарабынан түздөн-түз жөнөтүлгөн өзүңүз жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Банкка кызмат көрсөтүүгө/кызмат көрсөтүүлөрдү алууга/мыйзамдуу талаптарды аткарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн макулдашууда каралган учурлардан тышкары, аны суроого, оңдоого, жаңыртууга, дайындарды кошууга, тосмолоого, өчүрүүгө жана жок кылууга талап кое аласыз.

“ФИНКА Банк” ЖАК сиздин колдооңузду баалайт жана Сиздин купуялуулугуңузду коргоого жоопкерчилик алат. Бул билдирүү биздин сайтка келген коноктордун бизге берген маалыматы жана ал маалыматты кантип колдонушубуз мүмкүн деген кооптонууну жоюуга багытталган.

“ФИНКА Банк” ЖАК биздин онлайн конокторубуздун купуялуулугун коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Биз коноктордон каттоодон өтүшүн же биздин сайтты карап чыгууга уруксат алуу үчүн кандайдыр бир маалымат берүүнү талап кылбайбыз. Биз сайтыбыздын конокторунан жекелик маалыматты чогултпайбыз, эгер алар ыктыярдуу же аң-сезимдүү мындай маалыматты бербесе. “ФИНКА Банк” ЖАК сизди сайт аркылуу биз менен байланыштырып жаткан ар бир адамдын жекелигинин купуялуулугун сактоого кепилдик берет. Купуялуулук саясатыбызга байланыштуу суроолор болсо, төмөнкү дарек боюнча биз менен байланышыңыз:

“ФИНКА Банк” ЖАК
Шопоков көчөсү 93/2
Бишкек шаары, 720011
Кыргызстан
+996-312-440-440 / 4400
[email protected]

Сиз ошондой эле электрондук почта аркылуу биз менен байланыша аласыз, эгерде:

  • Жалпы маалымат боюнча Сизде суроолор келип чыкса;
  • Сизде комментарийлер же пикирлер болсо же кайтарым байланыш билдиргиңиз келсе;
  • Сиз бир гана электрондук почта аркылуу билдирүү алууну кааласаңыз;
  • Сиз почта билдирүүлөрүн кагаз түрүндө гана алууну кааласаңаз;
  • Эгер сиз электрондук же почта маалымат таратуулар тизмесинен өчүрүүнү кааласаңыз.

Дайындарды топтоо
Жогоруда белгиленгендей, “ФИНКА Банк” ЖАК коноктордон биздин сайтка кирүү үчүн катоодон өтүшүн же жеке инсандыгын аныктоочу маалыматты берүүнү талап кылбайт (ушул сайт үчүн өзгөчө учурлардан тышкары же колдонуучуларга кызмат көрсөтүүлөрдү берүү же берилген өтүнмөлөрдү кароо максатында иштетиле турган өздөрүнүн билдирүүлөрүн, сүрөттөрүн жана башка колдонуучу контентин (“Колдонуучулардын кайрылуулары”) жөнөтүүгө мүмкүндүк берүү үчүн).

Сайттын коноктору бизге өз ыктыяры менен мындай маалыматты бермейинче, биз алардын өздүгүн аныктоочу маалыматты чогултпайбыз. Биз ички контролдоо максатында сайттын конокторунан чогултулган кээ бир жекелик эмес маалыматты түзөбүз. Бул коноктордун жалпы санын, көрүлгөн баракчаларды жана башка жекелик эмес маалыматтарды камтыйт. Биз бул топтолгон маалыматты сайтыбызды жакшыртуу жана сайтыбыздагы тажрыйбаңызды мүмкүн болушунча канааттандырарлык кылуу үчүн колдонобуз.

“ФИНКА Банк” ЖАК FINCAга салым кошууну же биздин электрондук почта боюнча таратууларга жазылууну каалаган сайттын конокторунан өздүгүн аныктоочу маалыматтын тактыгын сурайт. FINCA дайындарды талдоо, биздин сайтты техникалык колдоо же донорлор менен байланышуу сыяктуу FINCA тарабынан тапшырмаларды аткаруу максатында гана биздин кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен бул маалыматты бөлүшө алат. Биздин кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр өздөрүнүн максатында Сиздин дайындарды колдонууга же Сиздин дайындарды башкалар менен бөлүшүүгө уруксаты жок. “ФИНКА Банк” ЖАК кандайдыр-бир коммерциялык максатта бул маалыматтарды сатпайт. Биз электрондук даректер жөнүндө байланыш маалыматтарын сатпайбыз жана аларды эч ким менен бөлүшпөйбүз.

Вакансиялар
Биздин вакансиялар көрсөтүлгөн беттерде “ФИНКА Банк” ЖАК байланыш маалыматтарын (аты-жөнү, электрондук дареги, почта дареги) сурайт, анын ичинде резюме жана коноктордон коштоочу каттары сыяктуу жеке маалыматтар суралат. Бул маалыматтар персоналдарды тандоо үчүн гана колдонулат жана биз үчүнчү жак уюмдар менен бул маалыматтарды бөлүшпөйбүз.

Профиль
Биз биздин коноктордун каалоолоруна көз салуу үчүн cookie файлдары жана журналдардын жардамы менен чогулткан маалыматтарды сактайбыз, бирок бул каражаттардын жардамы менен жеке маалыматтарды чогултпайбыз жана үчүнчү жактар менен топтолгон маалыматтарды бөлүшпөйбүз.

Cookie файлдары
Cookie файлдары – бул биздин веб-сайтка киргениңизде сиздин компьютериңиздин катуу дискинде сакталган дайындардын чакан үзүндүсү. “ФИНКА Банк” ЖАК Cookie файлдарын биздин веб-сайттын тарфиктик жалпы моделин (веб-сайтты колдонуудагы колдонуучунун адаттагы аракеттери) талдоо жана биздин коноктордун онлайн тажрыйбасын жакшыртуу үчүн колдонот. Биз жеке маалыматты сактоо же чогултуу үчүн Cookie файлдарын колдонбойбуз. Көптөгөн браузерлер Cookie файлдарды бөгөттөө же жок кылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Сиз Cookie файлдарын бөгөттөө аркылуу биздин сайтка ийгиликтүү кире аласыз, бирок браузериңизде Cookie файлдарын иштетип коюу сайтыбызды колдонуунун ыңгайлуулугун, жеңилдигин жана натыйжалуулугун жакшыртууга жардам берет.

Каттоо файлдары (Log Files)
Көпчүлүк стандарттуу веб-сайт серверлери сыяктуу эле, биз белгилүү бир маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, аны журнал файлдарында сактайбыз. Бул маалыматка Интернет Протоколунун даректери, браузердин түрү, Интернет-провайдери (ISP), шилтеме/чыгуу беттери, платформанын түрү, дата/убакыт белгилери жана тенденцияларды талдоо, сайтты башкаруу, коноктордун кыймылына көз салуу жана комплекстүү пайдалануу үчүн жалпы демографиялык маалыматтарды чогултуу үчүн чыкылдатуулардын саны кирет. Биз жеке колдонуучуларды аныктабаган бул маалыматты, тенденцияларды талдоо, Веб-сайтты башкаруу, колдонуучулардын Веб-сайттын айланасындагы кыймылдарына көз салуу жана биздин колдонуучулардын коомчулугу жөнүндө демографиялык маалыматты чогултуу үчүн колдонобуз. Биз сизге атайын билдирмейинче, биз бул автоматтык түрдө чогултулган маалыматтарды сиздин жеке маалыматыңыз менен байланыштырбайбыз же аны башка максаттарда колдонбойбуз.

Шилтемелер
Бул сайт башка сайттарга шилтемелерди камтышы мүмкүн. “ФИНКА Банк” ЖАК башка сайттардын мазмунуна же купуялуулук саясатына эч кандай көзөмөл жүргүзбөй турганын жана жоопкерчилик тартпай турганын эске алыңыз. Биздин сайтыбыздын конокторун биздин сайттан кеткенде кабардар болууга чакырабыз жана алардын өздүгүн аныктоочу маалыматты чогулткан сайттардын Купуялуулук жөнүндө жобосун окуууга үндөйбүз. Ушул Купуялуулук жөнүндө билдирүү бул сайт тарабынан чогулткан маалыматка гана тиешелүү.

Ата-энелер үчүн эскертүү
Жаштардын биздин уюм жана биздин миссия тууралуу билүүсү үчүн www.FINCABANK.kg сайтына киргендери үчүн кубанычтабыз. “ФИНКА Банк” ЖАК 18 жашка чейинки балдардын өздүгүн аныктоочу маалыматтарды билип туруп сурабайт жана сактабайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда 18 жашка чейинки балдарды маркетингдик иш-чараларга тартпайт.

Өзгөртүүлөр жөнүндө каралама
Бул документке карата ар кандай жаңыртуулар биздин сайтка жайгаштырылат.