Банк кепилдиги

Өзүңүздүн милдеттенмелериңизди ыңгайлуу жол менен камсыздаңыз

Бул кызмат ишкерлерге сунушталат. Керек болсо, биз сизге жана сиздин өнөктөштөрүңүзгө жардам берүүгө даярбыз.

Банктык кепилдик деген эмне?

мында банк (кепил болуучу) карызгердин (принципалдын) өтүнүчү боюнча кредитор (бенефициар) тарабынан төлөө тууралуу талап берилгенде кредиторго (бенефициарга) акчалай сумманы төлөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме берет.

Төмөнкү негизги түшүнүктөрдү билүү зарыл
  • Принципал: банктык кепилдикти аткаруучу;

  • Бенефициар: эгерде принципал өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, банктык кепилдик боюнча акча каражаттарын алуучу;

  • Кепил болуучу: келишимдин шарттарын бузган принципал үчүн банктык кепилдиги боюнча бенефициардын акчасын төлөп берген адам кепил болуучу болуп саналат.

  • Кардарлар: юридикалык жактар, жеке ишкерлер. Кыргыз Республикасынын резиденттери болушу мүмкүн.

Кепилдик түрлөрү

Тендердик кепилдик

Тендердин катышуучусу кардардын/подрядчынын алдындагы милдеттенмелерин аткарышын камсыз кылуучу кепилдик. Кепилдик тендерлерге катышуу үчүн талап кылынат жана билдирме берүүчү арыздарды кароонун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин өз билдирмесин кайтарып алган учурда, принципал кардар\подрядчы менен товарларды/кызматтарды жеткирүү же милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик берүү боюнча келишим түзүүдөн баш тарткан учурда кепилдик берилген акча суммасын төлөөнү камсыздайт.

Алдын ала төлөмдү кайтаруу кепилдиги

Бул документ подрядчы тарабынан кардар аванс өз максатына жумшалганына ишенүү үчүн берилет жана аванс подрядчыга төлөнгөндө түзүлөт. Кээ бир учурларда келишимдин шарттарында кардар тарабынан подрядчыга аванс төлөнүшү каралышы мүмкүн. Мындай аванстын өлчөмү келишимдин наркынын 30% га чейин болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн сумманы алганга чейин аткаруучу компания аны кайтарып берүү кепилдигин берүүгө тийиш.

Милдеттенмелердин аткарылышынын банктык кепилдиги

Кепилдиктин бул түрү Банк тарабынан тендердин жеңүүчүсү болгон компаниянын пайдасына мамлекеттик же башка контракт түзүлгөнгө чейин берилет. Жеңүүчү компания буйрутмачыга өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Банк бенефициарга белгилүү бир кепилденген сумманы төлөп бере тургандыгы жөнүндө кепилдик берүүгө милдеттүү.

Төлөм кепилдиги

Товарларды жана кызматтарды төлөө боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн колдонулган банктык кепилдиктин бир түрү. Адатта төлөм кепилдиктери коммерциялык кредит алуу үчүн колдонулат. Эгерде мындай төлөмдү алуу банктык кепилдик менен камсыз кылынса, сатуучу (бенефициар) төлөөнү кийинкиге калтырууга макул болот. Эгерде сатып алуучу (арыз ээси) белгиленген мөөнөттө төлөмдү жүргүзбөсө, сатуучу банкка төлөө жөнүндө өзүнүн талабын жөнөтөт жана кепилдик суммасынын чегинде талап кылынган сумманы алат.

Шарттар жана талаптар
  • Принципалдын жашы – катышуучу 65 жашка чыкканга чейин келишим боюнча кепилдик төлөнүп берилсе, 21 жаштан жогору.

  • Валюталар: кыргыз сому; АКШ доллары.

  • Суммасы: 12500 сомдон 14000000 сомго чейин; 200дөн 200 000 АКШ долларына чейин.
  • Мөөнөтү: 12 айга чейин.
Тарифтер
  • Акчалай күрөө алдында кепилдик берүү үчүн комиссия кепилдик суммасынын 0,4% түзөт, минималдуу төлөм 2000 сом / 25 АКШ доллары (кепилдик мөөнөтүнө карабастан).

  • -Банктык кепилдиктин шарттарын өзгөртүү үчүн комиссия Кепилдиктин шарттарын өзгөртүүдө эски кепилдик жокко чыгарылат жана жаңысы комиссиялык төлөм менен берилет.

  • Кепилдиктин суммасынан -0,4%, минималдуу комиссия .2000 сом / 25 АКШ доллары (кепилдик мөөнөтүнө карабастан).

  • Комиссия кепилдик берилгенде кепилдик суммасынан бир жолу кармалат жана кайтарылбайт. Мурда бекитилген банктык кепилдиктин шарттарын өзгөртүү зарыл болгон учурда, банктык кепилдикке жаңы арыз кабыл алынат, ал эми мурда берилген кепилдик кайтарылууга жана жокко чыгарылууга тийиш.

Биз ар дайым сүйлөшүүгө даярбыз

Биз сиздерге ар дайым жардам берүүгө даярбыз!