Тейлөө пункттары

FINCA Банктын агенттери жана тейлөө пункттары

Тейлөө пункттары жана агенттери сизге кызмат кылууга, сизге жакын FINCA Банк агентин же тейлөө пунктун табууга даяр.

FINCA агенттери жана кошумча тейлөө пункттары аркылуу жеткиликтүү кызматтар

Биздин Банктын кеңири тейлөө тармагы бар жана сиз FINCA кызматтарын дээрлик бардык жерден, үйүңүзгө жана жумушуңузга жакын жерден ала аласыз. Жакынкы FINCA тейлөө пунктун табыңыз, Банкка келүүнүн кереги жок.

Тейлөө пункттарында төмөндөгү кызматтар сизге жеткиликтүү
  • Кредит төлөө
  • FINCA Элкарт картасынан накталай акча алуу
  • Аманаттарды толуктоо
  • Акча которуулар
Атайын сиз үчүн
  • FINCA Банктын өнөктөштөрү POS-терминалдар аркылуу төлөөдө бардык FINCA ЭЛКАРД карталарынын ээлерине арзандатууларды беришет. Сиз арзандатуу пункттарынын толук тизмеси менен бул жерден тааныша аласыз.
  • FINCA Банктын POS терминалдары аркылуу FINCA Элкарт картаңыз аркылуу накталай акча ала турган пункттардын даректери бул жерде.

Элкарт жана POS терминалдар менен иштеген FINCA агенти болуп, кошумча киреше алыңыз

FINCA Банктын агенти болуу менен, FINCA Элкарт карталары жана POS терминалдары менен иштөө менен сиз FINCA Банктын POS терминалдары аркылуу каалаган банктын FINCA Элкарт улуттук төлөм картасынан акча каражаттарын которууда комиссия ала аласыз.

Ким агент боло алат
  • Кассада жетиштүү акчасы бар ар бир ишкер (дүкөн, дарыкана, контейнерлер, май куюучу жай, соода түйүнү ж.б.)
FINCA агенттери үчүн артыкчылыктар
  • Кошумча комиссиялык киреше;
  • Накталай акчаны накталай эмес каражаттарга алмаштыруу;
  • Агенттин Банктагы эсептешүү эсебине накталай эмес каражаттарды автоматтык түрдө чегерүү.

КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ агенттери

FINCA Банк мамлекеттик органдар менен кызматташууну тынымсыз өнүктүрүүдө жана бүгүнкү күндө Банктын кардарлары «Кыргыз почтасынын» филиалдарынан кредит төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

  • Көңүл бургула
    Комиссия «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын тарифине ылайык кардар тарабынан өзүнчө төлөнөт. Бул жерде FINCA Банк менен кызматташкан Кыргыз почтасынын филиалдарынын даректери келтирилген.

Биз ар дайым сүйлөшүүгө даярбыз

Биз сиздерге ар дайым жардам берүүгө даярбыз!