Биздин приоритетибиз – аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Биз ишкер аялдардын күчүн жана инновациясын белгилейбиз, алар туш болгон уникалдуу көйгөйлөрдү түшүнөбүз жана алардын максаттарына жетүүгө жардам берүү үчүн чечимдерди иштеп чыгабыз.

Аялдарга инвестиция кылуу жакшы келечекке инвестиция кылуу болуп саналат

FINCA Банктын ишмердүүлүгү каржылык продуктыларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, негизинен көптөгөн себептерден улам банктык кызмат көрсөтүүлөргө толук жете албаган аялдар үчүн жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Ошондуктан, биз Кыргызстанда түптөлгөндөн бери кардарларыбыздын, атап айтканда, ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп келебиз.

“FINCA Банк өзүнүн миссиясын аткарып, аялдардын ишкердигине өзгөчө көңүл буруп, ар дайым аялдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө умтулат. Бул биз үчүн аялдардын бардык зарыл болгон колдоосуна ээ болушу жана өз идеяларын ишке ашыруу жана аларга ийгиликтүү жетүү үчүн керектүү шаймандар менен жабдылганы абдан маанилүү”, – Махмуд Саидахматов – FINCA Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы.

Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн атайын өнүмдөр жана кызматтар

FINCA Банк – өлкөдөгү аялдар үчүн атайын банктык продуктыларды сунуштаган жалгыз каржы институту.

  • “FINCAйым” кредити – биз аялдарга кандай өзгөчөлүктү сунуштайбыз? – эгерде кредит өз убагында төлөнсө, банк пайыздык ченди кайра эсептеп чыгып жана 3% айырманы кардардын эсебине кэшбэк катары которуп берет!
  • “Кыял” кени — аялдарга арналган атайын аманат продуктусу. Эгерде депозит өз убагында толукталса, банк мөөнөттүн аягында бонус катары 3% түзөт.

Аялдарга билим жана кеңеш берүү

FINCA Банк көп жылдардан бери кичи жана орто бизнес менен алектенген аялдарга кеңештерди жана консультацияларды берип келет. Биз алардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган банктык продуктыларды тандоого жардам беребиз жана аялдардын максаттарына жетүү үчүн колдоо көрсөтүүгө багытталган сунуштарды беребиз.
Биздин акысыз финансылык сабаттуулук боюнча тренингибиз кардарларга өз каржысын натыйжалуу башкарууга жана үй-бүлөлүк бюджетти жакшыраак башкарууга жардам берет.