Интернет-банкинг

УДОБНОЕ, НАДЕЖНОЕ И ПРОСТОЕ РЕШЕНИЕДЛЯ ДЛЯ УДАЛЕННОГО УПРАВЛЕНИЯ ДЕНЕЖНЫМИ СРЕДСТВАМИ

«ФИНКА БАНК» ЖАК ФИНАНСЫЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ БАШКАРУУДА МАКСИМАЛДУУ ЫҢГАЙЛУУЛУКТУ КАМСЫЗДОО МАКСАТЫНДА, КАРДАРЛАРЫ ҮЧҮН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ КЫЗМАТЫН СУНУШТАЙТ.

ФИНКА БАНКТЫН ИНТЕРНЕТ БАНКИНГ КЫЗМАТЫНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН СИЗ КЫРГЫЗСТАНДЫН КААЛАГАН ЖЕРИНЕН ЖУМАНЫН 7 КҮНҮНДӨ 24 СААТ БОЮ ЭСЕПТЕРДИ АЛЫСТАН БАШКАРУУ МҮМКҮНДҮГҮНӨ ЭЭ БОЛОСУЗ.

ФИНКА БАНКТЫН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГИНИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Туташуу акысыз жана тейлөө үчүн комиссия алынбайт

  • Эсептеги акча каражаттардын жүгүртүлүшүн жана калдыгын эсепке алуу жана көзөмөлдөө

  • Кыргызстандын каалаган жеринен акча каражаттарды башкаруу менен убакытты үнөмдөө

ФИНКА БАНКТЫН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГИ АРКЫЛУУ КӨРСӨТҮЛӨ ТУРГАН КЫЗМАТТАРДЫН ТҮРЛӨРҮ:

  • Мөөнөттүү жана топтолуучу депозитти ачуу

  • Топтолуучу депозитти толуктоо

  • Насыяларды төлөө

  • Бардык валюталарда накталай эмес акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүү

  • ФИНКА Банктагы эсептердин ортосунда акча которуу

  • ФИНКА Банктагы эсептен башка коммерциялык банктагы эсепке акча которуу

  • Карталык эсептер менен иштөө

  • «Ырааттама боюнча төлөмдөр» – кардардын ФИНКА Банктагы бир эсебинен башка эсебине каражаттарды автоматтык түрдө которуу кызматы

  • Операциялардын шаблондорун түзүү (ал шаблондордун жардамы менен кийин төлөмдөрдү жана акча которууларды, о.э. башка операцияларды оңой жана тез жүргүзүүгө болот)

ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ АРКЫЛУУ НАКТАЛАЙ ЭМЕС ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ТАРИФТЕР ЖАНА ЛИМИТТЕР

ЖЕКЕ ЖАКТАР ҮЧҮН ТАРИФТЕР
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ҮЧҮН ТАРИФТЕР
ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ ЛИМИТТЕР
ПЕРЕЧЕНЬ УСЛУГ И ПРАВИЛА ПОЛЬЗОВАНИЕМ
«ФИНКА БАНК» ЖАКТА БАНК ЭСЕПТЕРИН АЧУУ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БОЮНЧА

«ФИНКА БАНК» ЖАК ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ СИСТЕМАСЫНА КИРҮҮНҮН 2 РЕЖИМИН СУНУШТАЙТ:

«КӨРҮҮ РЕЖИМИ» – ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗБӨСТӨН, ЭСЕПТЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫ ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ АЛУУГА МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ.

КӨРҮҮ РЕЖИМИН КОЛДОНУУДАГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР:

  • Эсеп/эсептер боюнча көчүрмөлөрдү алуу

  • Акча каражаттардын жүгүртүлүшү тууралуу маалыматты басып чыгаруу

«ТОЛУК РЕЖИМ» – ЭСЕП БОЮНЧА БАРДЫК КЕРЕКТҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ.

ТОЛУК РЕЖИМДИ КОЛДОНУУДАГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР:

  • Мөөнөттүү жана топтолуучу депозитти ачуу

  • Топтолуучу депозитти толуктоо

  • Насыя эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү

  • Эсеп/эсептер боюнча көчүрмө алуу

  • Эсеп/эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү

  • Акча которууларды жана башка операцияларды жүргүзүү

Интернет-Банкингге туташуу тартиби:

Системага кирүү мүмкүндүгүн алуу үчүн ФИНКА Банктын кеңселерине кайрылып, арызды толтуруп, келишимге кол коюу керек жана Интернет-Банкингге кирүү үчүн паролду алуу керек.

Ошондой эле, кошумча коопсуздукту камсыздоо максатында, кардар Е-токен түзүлүшүн сатып алса болот.
*Е-токен – бул корголгон түзүлүш, ал кош факторлуу аутентификацияны жүргүзүүгө жана ИНТЕРНЕТ-Банкинг системасына коопсуз кирүүгө арналат.

ФИНКА Банктын Интернет-Банкингинде иштөө үчүн акыркы версиядагы стандарттуу интернет браузерлер колдонулат (Mozilla, Chrome, Opera, Safari).

Колдонуучулар үчүн нускаманы PDF форматында бул жерден жүктөп алууга болот: ЖЕКЕ ЖАКТАР ҮЧҮН жана ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ҮЧҮН

ФИНКА Банктын Интернет-банкинг кызматы – бул эсептердеги акча каражаттарды башкаруунун ыңгайлуу, ишенимдүү жана жөнөкөй жолу.

Интернет-Банк ачылуу ОНЛАЙН АРЫЗ