насыяны кайра түзүмдөштүрүүгө онлайн өтүнмө

Кырдаалга байланыштуу, Финка банкы COVID-19 (Коронавируска байланыштуу) байланыштуу чектөөлөрдүн айынан финансылык кыйынчылыктарды баштан өткөргөн кардарларыбызды колдоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасайбыз.

Жеке мамилени колдонуу аркылуу банк насыя боюнча шарттарды өзгөртүүнү карайт жана бизнеси, кирешеси, операциялары коронавирустан келип чыккан терс таасирин тийгизген кардарларга эң натыйжалуу чечимди тандап берет.

Банк сиздин насыянын шарттарын өзгөртүү боюнча өтүнүчүңүздү карап чыгышы үчүн төмөнкү форманы толтуруңуз:

ӨТҮНМӨНҮН ФОРМАСЫ


ОШОНДОЙ ЭЛЕ, ТӨМӨНКҮ БАЙЛАНЫШТАР БОЮНЧА КОНСУЛЬТАЦИЯ АЛУУГА ЖАНА ӨТҮНМӨ КАЛТЫРУУГА БОЛОТ:

  • (0312) 440440, 4400 (уюлдук телефондон чалуу акысыз) телефондору боюнча Банктын колл-борборунан

  • Банктын кеңселеринде адистерден

Кардарларыбыздын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана инфекциянын алдын алуу боюнча чараларга байланыштуу, FINCA Банк кеңседеги тейлөөчү кызматкерлердин санын чектейт. Түшүнүү менен мамиле кылууну жана өзгөчө зарыл учурда гана Банкка кайрылууну өтүнөбүз. Калган учурларда маселеңизди кеңсеге келбестен, аралыктан чечүүгө аракет кылсаңыз болот.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аралыктан көрсөтүлүүчү банктын кызматтарын колдонууну сунуш кылабыз. Алар банктын кеңселерине келбестен финансы каражаттарыңызды аралыктан башкарууга мүмкүнчүлүк берет: Интернет-банкинг, FINCA ELSOM уюлдук капчыгы, FINCA ЭЛКАРТ төлөм картасы, ЭЛКАРТ.МОБАЙЛ тиркемелери, төлөм жана POS-терминалдардын тармагы, ошондой эле Банктын бардык продукттарына он-лайн өтүнмөлөр.

Эгер сизде кошумча суроолор болсо, сураныч, (0312) 440440, 4400 (уюлдук телефондон чалуу акысыз) телефондору боюнча биз менен байланышыңыз.

НАСЫЯЛАР БОЮНЧА КӨП БЕРИЛГЕН СУРООЛОР

1. Насыялар боюнча шарттарды кайрадан карап чыгуу үчүн ким кайрыла алат?
Насыялык шарттар бизнеси, кирешеси жана ишмердиги коронавирустан улам пайда болгон өлкөдөгү абалдан улам зыян тарткан кардарлар үчүн кайрадан каралат.

2. Насыялардын кайсы түрлөрү боюнча шарттар кайрадан каралышы мүмкүн?

FINCA Банк кардардын абалына жараша насыянын бардык түрлөрү (бизнес, агро, керектөөчү ж.б.) боюнча шарттарды кайрадан карап чыгууга даяр.

3. Шарттарды өзгөртүү үчүн өтүнмөнү кантип берүүгө болот?

Насыялык шарттарды кайрадан карап чыгууга өтүнмөнү үйдөн чыкпай туруп берүүгө болот:

  • www.FINCABANK.kg сайтында он-лайн өтүнмө калтыруу
  • кардар тейленген филиалдын кызматкеринин WhatsApp тиркемесине кол менен жазылган өтүнмөнүн сүрөтүн жөнөтүү
  • колл-борбордун телефону боюнча 4400 (уюлдук телефондон чалуу акысыз) же шаардык телефон боюнча (0312) 440440

4. Өтүнмөнү канча күн ичинде бере алам жана Банк аны канча күн карайт?
Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон каалаган убакта кайрыла аласыз. Өтүнмө кезеги боюнча каралат. Азыркы учурда өтүнмөлөрдүн көп келиши байкалууда жана Банк өтүнмөлөрдү кыска мөөнөттө кароо үчүн болгон аракетин жумшайт. Биз эң көп 10 жумуш күнү ичинде жооп беребиз.

5. Эгер мен өтүнмөнү толтурбасам менин насыям боюнча шарттар автоматтык түрдө өзгөрөбү?

Жок, сиз милдеттүү тартипте Банкка өтүнмө менен кайрылышыңыз керек.

6. Насыя боюнча шарттарды өзгөртүү маселесин чечүү үчүн FINCA Банк кандай чечимдерди сунуш кылууда?
Банк бардык кардарлар үчүн бир стандарттык чечим сунуш кылбайт. Эпидемия учурунда кардарлар кабылган абалдар ар түрдүү жана ар бир кардардын кайрылуусун биз индивидуалдык тартипте карайбыз.

7. Менин насыям боюнча өзгөртүлгөн шарттар канча убакытка чейин жарамдуу болот?
Ар бир кардар боюнча чечим, анын ичинде мөөнөттөргө тийиштүү чечимдер индивидуалдык тартипте кабыл алынат. Эгер кардар тигил же бул вариантка макул болсо, анда бул вариант насыянын мөөнөтү аяктаганга чейин жарамдуу болот.

8. Буз мезгилдин ичинде менин насыям боюнча пайыздык коюм жогорулайбы?
Жок, пайыздык коюм баштапкы насыя келишиминде көрсөтүлгөнгө ылайык калат.

9. Эгер Банк мага мөөнөттөрдү жылдырып берсе, бул мезгилде пайыздар эсептелеби?
Ооба, пайыздар эсептелет. Бирок алар кардардын мүмкүнчүлүктөрүнө карата кечирээк мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн.

10. Насыя боюнча мөөнөт жылдырылган мезгилде Банк эмне үчүн пайыздарды кошуп эсептейт
Банкта тартылган ресурстар боюнча депозит же насыя түрүндө пайыздарды төлөөгө байланыштуу милдеттенмелер, кызматкерлердин эмгек акысын төлөө, имараттарды ижаралоо жана Банк пайыздык кирешенин эсебинен төлөгөн башка чыгымдар боюнча милдеттенмелер бар.

11. Менин насыямдын мөөнөтү жогорулайбы?
Бул кардардын насыя боюнча кандай төлөмдөрдү аткара ала тургандыгына көз каранды. № 1 мисал: Эгер кардар насыя боюнча мөөнөттү 2 айга жылдырууну өтүнсө (2 ай ичи төлөбөйт) жана андан ары төлөмдөрдүн баштапкы графигиндеги төлөөнү аткарууну суранса, анда бул насыянын мөөнөтүнүн 2 айга жогорулашына алып келет.
№2 мисал: Эгер кардар мөөнөт 2 айга жылдырылгандан кийин бир айда бардык топтолгон төгүмдөрдү жана кошумча эсептелген пайыздарды төлөй алса, анда насыянын мөөнөтү жогорулабайт.

12. Насыя боюнча төлөө жогорулайбы?
Баары кардардын мүмкүнчүлүктөрүнө көз каранды.
№1 мисал: Эгер кардардын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк төлөөгө жетпесе, анда насыя боюнча узартуу сунуш кылынат (насыянын мөөнөтүн жогорулатуу).

№ 2 мисал: Эгер кардар насыянын мөөнөтүн жогорулатууга макул болбосо жана баштапкы графиктегиге караганда көбүрөөк төлөөгө даяр болсо, мындай учурда төлөө жогорулайт.

13. Эгер мен өз учурунда төлөй албасам Банк туумдарды жана жазапулдарды кошуп эсептейби?
Жок, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалда биз жазапулдарды жана туумдарды кошуп эсептөөнү токтоттук. Бирок Банк насыяны төлөө зарылчылыгы жөнүндө сизге эскертүүгө милдеттүү.

14. Эгер Банк туумдарды жана жазапулдарды кошуп эсептебесе, эмне үчүн мага Банктан дагы эле чалып жатышат?

Биз туумдарды жана жазапулдарды кошуп эсептөөнү токтоттук. Бирок Банк бир нече себеп боюнча сизге чалышы мүмкүн:

  1. Биз насыяны төлөөнүн зарылчылыгы жөнүндө сизге эскертүүгө милдеттүүбүз. Бул кардан төлөө мөөнөтүн унутуп коюшу мүмкүн болгон адаттагы абалда дагы колдонулат.
  2. Төлөбөөнүн себебин тактоо үчүн, сиздин абалыңызды жана насыяны төлөө боюнча мындан аркы планыңызды түшүнүү үчүн, ошондой эле сиздин насыяңызды реструктуризациялоо зарылчылыгын кароо үчүн.

15. Насыяны кеңсеге келбей туруп кандай каналдар менен төлөй алам?

Сиз төмөнкү каналдарды колдонуу менен насыяны төлөй аласыз:
• FINCA Банктын каналдары: интернет-банкинг, төлөм терминалдарынын тармагы, FINCA ELSOM уюлдук капчыгы, FINCA ЭЛКАРТ төлөм картасы.
• Биздин өнөктөштөрдүн каналдары: Pay.24 төлөм терминалдары, Balance.kg уюлдук капчыгы.