02-07-2026

FINCA Банкы ЕРӨБдүн ментордук программасынын катышуучуларын кабыл алды

FINCA Банкы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ментордук программасынын катышуучулары болгон ишкер айымдарды конокто кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар банктын түзүмү жана аялдардын ишкердигин колдоого багытталган продуктулары менен таанышты.

Программанын өзүнчө бөлүгү катары банктын мастер-тренери Жылдыз Базаркулова финансылык коопсуздук боюнча сессия өткөрдү. Катышуучулар алдамчылыктын чыныгы схемаларын талдап, өздөрүн жана каржыларын кантип коргоо керектиги тууралуу пайдалуу маалымат алышты.